www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саналуу сааттарда КТРКнын түз эфиринде Азимбек Бекназаров күтүүсүз бурулуш жасайт

Гүлжан Шерипбаева 12-октябрь 2017, 20:14

Саясат


Саналуу сааттарда КТРКнын түз эфиринде Азимбек Бекназаров күтүүсүз бурулуш жасайт

КРнын президенттигине талапкерлер бир нече мүнөттөрдөн кийин КТРКнын түз эфиринде беттешет. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, КР президенттигине талапкер Азимбек Бекназаров саясый чукул бурулуш жасайт.

Кыргыз улутчул-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин алдында түзүлгөн ТЭКтин билдирген маалыматына караганда Азимбек Бекназаров чукул билдирүүсүн КТРКда теледебатта жарыя кылат.

Эске сала кетсек, бүгүн, КТРКда теледебатта, алдына киши салбаган КРнын президенттигине талапкер Адахан Мадумаров, кыргыз көчүн улаган Сооронбай Жээнбеков, саясатта каалагандай бурулуш жасай алган Азимбек Бекназаров, темирдей тартипти орнотомун деп, “тортко” айланып кеткен Темир Сариев, Кыргызстандын атын өзгөрткүсү келген Арсланбек Малиев, эл анча биле бербеген Эрнис Зарлыковдор катышат.

Түз эфирдин форматы өзгөрүп, талапкерлер 1 мүнөттө оюн айтып калышы керек. Бүгүн, 12-октябрда, КТРКда саат 21.00дөн 23.50гө чейин президенттикке талапкерлердин жана Азимбек Бекназаровдун сасый бурулушун күтө туралы.

Эске сала кетсек 15-октябрда Кыргызстан 6-президентин тандап алат.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549