www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Теледебатка Сооронбай Жээнбеков келбей калды

Гүлжан Шерипбаева 12-октябрь 2017, 21:18

Саясат


Теледебатка Сооронбай Жээнбеков келбей калды

КРнын президенттигине талапкерлердин КТРКда түз эфири башталды. Алгачкы таймаш Азимбек Бекназаровдон башталып, жалпы президенттик талапкерлерди башка мамлекеттердин башчыларына ашыкча сүйлөбөөнү өтүндү. Андан сырткары кыргыз эли, карапайым калк кыйынчылык көрүп жатканын кошумчалады.

Адахан Мадумаров, негизги талапкерди телетаймашка чакырганын  тилекке каршы келбей калгандыгын айтса, сөз кезегин алган КР президенттигине талапкер Арсланбек Малиев өзүнүн өмүр баянын элине айтты.

Темир Сариев, “ар түрдүү карапиарлар, жаман сөздөр жүрүп жатса, миңдеген элдер менен жолугуп келдим, элдердин баары шайлоо таза өтсүн, деп жатышат. Шайлоону таза өткөрүү мамлекеттин түздөн-түз милдети”, деген пикирин билдирди.

Бүгүн, КТРКда теледебатта, алдына киши салбаган КРнын президенттигине талапкер Адахан Мадумаров, саясатта каалагандай бурулуш жасай алган Азимбек Бекназаров, темирдей тартипти орнотомун деген Темир Сариев, Кыргызстандын атын өзгөрткүсү келген Арсланбек Малиевдер катышууда. Ал эми КР президенттигине алдыңкы катмарда келе жаткан Сооронбай Жээнбеков телетаймашка келген жок.

Эске сала кетсек 15-октябрда Кыргызстан 6-президентин тандап алат.

Булак, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549