www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мадумаровдун тарапташы “нокдаун”: Эр жигиттин уялганы сынганы, талапкердин келбегени качканы ...

Гүлжан Шерипбаева 12-октябрь 2017, 22:00

Саясат


Мадумаровдун тарапташы “нокдаун”: Эр жигиттин уялганы сынганы, талапкердин келбегени качканы ...

Бүгүн, 12-октябрдагы теледебатка негизги талапкер Сооронбай Жээнбековдун келбей калышын, социалдык тармактыгалар, "Адахан Мадумаровдон Жээнбеков “качты” деп, талкуу жүргүзө баштады.

Блоггер Акбалык Жумалиева, “эр жигиттин уялганы сынганы, талапкердин келбегени качканы”, деген такмаза сөзүн ыргытты. Фейсбук колдонуучу Керимбек Таштанов, “Мадумаров, “Кочкор-Атада мен Сокени 12синде теледебаттан күтөм” дегенде эле, мен ойлогом бул Соке келбейт деп”, десе, Камила Талиева “СТПК - самый трусливый партия Кыргызстанда”,деген пикирлерди калтырууда.

Эске сала кетсек, КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт иштерине байланыштуу теледебатка келген эмес.

Бүгүн, КТРКда теледебатта, алдына киши салбаган КРнын президенттигине талапкер Адахан Мадумаров, саясатта каалагандай бурулуш жасай алган Азимбек Бекназаров, темирдей тартипти орнотомун деген Темир Сариев, Кыргызстандын атын өзгөрткүсү келген Арсланбек Малиевдер катышууда. Ал эми КР президенттигине алдыңкы катмарда келе жаткан Сооронбай Жээнбеков телетаймашка келген жок.

Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Темир Сариевдин алдында Арсланбек Малиев "үчкө" окуган окуучудай эле таасир калтырууда.

Эске сала кетсек 15-октябрда Кыргызстан 6-президентин тандап алат. Президенттик шайлоого болгону үч күн калды.

Булак, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549