www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Жеңишбек Эдигеев: "Буйрубаса илаажы йок экен..."

Гүлжан Шерипбаева 13-октябрь 2017, 00:08

Саясат


ВИДЕО - Жеңишбек Эдигеев: "Буйрубаса илаажы йок экен..."

Эртең же бүрсүгүнү “Женеванын трибунасы” гезитине Кыргызстандагы шайлоо жөнүндө макалам чыгат деп күтүп жатам. Ал макала биздеги 15-октябрда болчу президенттик шайлоо жөнүндө. Анда Кыргызстан дале болсо Орто Азия демократиясы боюнча ак карга болуп турганыбыз, бирок ар бир таза эмес шайлоо өлкөгө бүлүк салып, жаманына алса ыңкылап менен бүтүп келгенин, бирок элибиз акыркы 15 жылда демократиянын чыныгы даамы менен жашап жаткандыгын, тарыхы менен бүгүнкүсүн айкалыштырып мамлекетти бекем түптөөнүн жолуна түшкөндүгүн, 2012-жылдагы президенттик шайлоодо президенттикке 86 талапкер болгондугун, бул Гиннес китебине кирчү цифра экендигин, бул бир караганда күлкү келээрлик болгону менен демократиянын анык белгиси болгондугун, коңшу дос өлкөлөрдө талапкерлер шайлоодон кийинки тагдырынан коркуп шайлоого аттана алышпасын жана бизде сөз эркиндигин каалашынча чакалап сузуп ичсе болоорлугун айттым. Чынында ошондой.

Жыйынтык чыгаруунун бирден бир эрежеси бул - салыштырп көрүү. Орто Азиянын өлкөлөрүнө четинен баштап салыштыра берсек болот. СССР урагандан кийин биз өзгөчө демократиялуу өлкөгө айланганыбызды президент Аскар Акаевдин эмгегине чегерип жүрүшөт. Бул жерде элибиздин менталитетин, тарыхын, жана ошол мезгилдеги ааламдашуунун агымдарынын таасирлерин айтпай кое албайбыз. Ошентсе да тагдыр бизге Акаевди буйруганын эмгиче кубаттайм. Ал учурда президенттин эркинен өтө эле көп нерсе көз каранды эле...

Ошол сыяктуу ар качандан бир качан президенттердин эркинен, көз караш, маданият, тереңдигинен көп нерсе көз каранды болуп келет. Башкасын айтпайын саналуу күндөрдөн кийин президенттик тактысын өткөрүп берчү Алмазбек Атамбаевди алалы.

Бул киши жөнүндө көп нерсе айтса болоор эле, бирок мен берчү баамды бир сүйлөмгө кыстара турган болсом: Атамбаевди колдоп колдобош, жакшылаш-жамандаш өз эркибиз бирок бул кишини Сыйлашыбыз керек болуп калды дегим келет. Колдоп колдобош ал башка маселе бирок сыйлоого татыктуу дегендей кеп. Кайрадан теңдемеге келе турган болсок да анда кайрадан салыштырып көрөлү. Орто Азиянын президенттеринин эч бири мынчалык батылдыкка, ачыктыкка, демократиялуу жолго кадам таштай элек! Муну тарых үчүн эстеп койгонубуз оң. Бул Атамбаевдин же Отунбаеванын эле эмес бул - Кыргызстандын тарыхы.

Ал эми 3 күндөн кийинки өтө турган шайлоо жөнүндө айтсам, мен кан-жаным менен берилип шайлай турган адамым болбосо да өлкөмдөгү жүрүп жаткан шайлоо өнөктүгүнө кайдыгер эмес адам катары жана бара жаткан курсту бекемдөө үчүн добуш берчү адамым бар. Ал эми аз күндөн соң шайлоо жыйынтыгы да чыгат. Жыйынтыктан кийин менин аракетим кандай болот? Мен каалоом аткарылдыбы жокпу кайсы бир утуп чыккан адамды ошол уткан саатынан баштап МЕНИН ПРЕЗИДЕНТИМ деп кабыл алам.

Кыргызстандын президенти деп кабыл алам! Ошол сааттан баштап мен ага колдон келген жарыгымды аябайм. Ооба, бир штабда болуу, айлап-күндөп шайлоо кампаниясын өткөрүү, колдоо, күн-түндөп чуркоо, үмүт артуу бул чоң нерсе, утулуп калсаң бул ыза, а тургай капалануудан көз жаш болушу мүмкүн бирок бул трагедия эмес! Бул жеңилүү улуттук трагедия эмес. Ал үлкөн ишти болгону башка бир мекендешиң моюндады, башка бир мекендешиңе буйруду деген кеп. Американын кечээки эле мисалын алалы, эл анча күтпөгөн “кайдагы бир” Трамп утуп чыкты. Эли ошону да көтөрбөдүбү. Трамп жосунда жок маселелерди айткан, “Мен Мексиканы дубал менен тосом, чоочундарды жоготом” деген. Бирок эзелки мыйзам ага жол бербей, мамлекет өз калыбында иш алып барып жатпайбы. Биз дагы ошол сыяктуу ким келбесин, “күтүүсүз” ким келбесин аны өтө маселе кылбай, бараткан курсубузду беттегенден тайбашыбыз керек. Бизде алардай күчтүү, тарыхый конституция жок болгон менен көз салаар, оңго салаар Элибиз бар! Андыктан шайлоого кайсы бир акция катары эмес чоң жүрөк менен баралы!

Баса, кыргыз ырчысы Бахтияр Токторовдун “буй-буйуна” көңүл бурбай жүрүппүз... керемет ыр экен. Өзбек туугандар аны сонун кылып ырдап чыккан экен. Жакшы маанай үчүн, азыркыга тема болгон үчүн тыңдап коелу...

Жеңишбек Эдигеев

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549