www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Чет элдик ММКда Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев каттуу талкууга алынууда

Гүлжан Шерипбаева 12-октябрь 2017, 23:49

Саясат


ВИДЕО - Чет элдик ММКда Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев каттуу талкууга алынууда

Акыркы учурларда кыргыз-казак тиреши күч алды. Ага себеп Алмазбек Атамбаевдин Казак бийлигине айтылган сөздөрүнөн баштап, Нурсултан Назарбаев КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановду жолугушуусу себеп болду. Бул тууралуу дүйнөнүн ММКсы жазып чыкты.

Жалпы ызы-чуунун башын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин: “Казак бийлиги Бакиев сыяктуу адамдарды жакшы көрөт. Мен “Бакиев кыргыз калкын атканы жакшы болгон” деген сөздү Казакстандын эң жогорку тепкичинде турган азаматынан биринчи жолу уктум. Бакиевдер азыркыга чейин Алматыда тойлорун өткөрөт. Ошондуктан алар ошондой адамдарды бийлик башына койгусу келет” жана башка сөздөрүн мисал келтирген.

Ага жооп катары Казакстандын Ички Иштер министрлиги, “Кыргызстан президентинин шайлоо алдында упай жыйноо үчүн Казакстанга жалган-жалаа жапты. Кыргыз-казак достугу кылымдан бери улантылып келе жатат”, деп кыска расмий билдирди. Андан көп өтпөй эле, Атамбаевдин сөзүнөн кийин казак бийлиги чек араны күчөтүлгөн тартипке киргизип койду.

Ал эми Сочиде өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык жыйынга Алмазбек Атамбаевдин барбай койгонун чет элдик басылмалар, “Сочиге Алмазбек Атамбаев, Нурсултан Назарбаевден коркуп келбей койду”, деп жазып чыгышты. Бирок, Кыргызстандын президенти шайлоо учурунда мамлекетте төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн деген себептер менен Сочиге барбай, ал Өкмөт башчы Сапар Исаковду жөнөткөн.

Сочиде өткөн жыйындын башталаар алдында Владимир Путиндин, Нурсултан Назарбаевге өзү басып барып сүйлөшкөн видеотасма коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Тасмага назар салсак, Путин өзү басып барганда дагы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын башчысына өтө олуттуу көздөрү менен карап турганы тасмадан байкалып турат. Путиндин мындай шар кадамы жанындагылардын көзүн алайтса, "Путин, Назарбаевге эмне деп айтты экен?" деп, дүйнө коомчулугу кызыгуу арттырууда.

Эки президенттин шыбырашып сүйлөшкөнүн, чет элдик ММКлар жана серепчилер: “Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, казак бийлигине карата сын-пикир айтып алып, эмне кылаарын билбей Владимир Путинди арага салып жатат””, деп жоромолго алды.

Сочидеги Казакстан президенти менен Кыргызстандын премьер –министри Сапар Исаков жолугуп, чек ара маселесин чечти деген жаңылык Кыргызстанда желдей тарады. Тилекке каршы бул маалыматты дагы Казакстандын расмий бийлиги четке какты.

Ошентип олтуруп кылдаттык менен караганда Казакстан менен Кыргызстан бийлигинин ортосунда теке тиреш башталдыбы деген суроо жаралат.  Ал эми казак - кыргыз чек арасында кырдаал курч боюнча турат.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549