www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азимбек Бекназаров президенттикке талапкерликтен баш тартты

Гүлжан Шерипбаева 13-октябрь 2017, 01:23

Саясат


Азимбек Бекназаров президенттикке талапкерликтен баш тартты

КРнын президенттигине талапкерлердин теледебатынын жүрүшүндө Азимбек Бекназаров президенттикке талапкерликтен баш тартты. "Бул Кыргыз улутчул-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин алдында түзүлгөн ТЭКтин чечими", деген пикирин айтты.

"Бул шайлоо эмес эле, бийлик менен байлыктын кармашы болуп калды. Мындай мыйзам бузуулар коштогон, таза эмес эле таз кейпи чыккан шайлоого мындан ары катышуудан баш тартам!", деп кошумчалады Азимбек Бекназаров.

Андан сырткары КТРКнын түз эфириндеги убакыттан пайдаланып, кыргыз элине Кайрылуу жасап, шайлоодон кийин мамлекеттин тынчтыгын сактоону кыргыз элинен суранды.

Ошентип атактуу саясатчы, Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого үч күн калганда ат тизгинин артка буруп, саясый чукул бурулуш жасады.

Азимбек Бекназаровдун мындай кадамына Кадыр Кошалиев: Улуттук платформа менен чыгып, үрөөн себилди, президенттикке талапкердин сегизи Элдик Курултай институтун колдошорун айтышууда....коомчулук да ушул маселеге үмүт этип турат. ТЭК максатка жетүү үчүн мыйзамдуу, тынчтык жолдор менен күрөшүн улантыла бермекчи, деди.

Эске сала кетсек, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт.  

Булак, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Анук Ажиев, 13-октябрь 2017, 03:09
Туура айтты байлык менен бийликтин кармашы болуп калдыы
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549