www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ыр уурдоону адатка айланткан Мирбек Атабеков “Айтчы” ырын кимден уурдаган?

Майрамбек Каримов 26-октябрь 2017, 14:33

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ыр уурдоону адатка айланткан Мирбек Атабеков “Айтчы” ырын кимден уурдаган?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүн, биз кеп кыла турган кезектеги каарманыбыз КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жана анын аткаруусундагы “Айтчы” аттуу ыр болмокчу. Бул чыгарма жарыкка чыгып, “Бир тууганчик” кино тасмасына саундтрек катары жаңырган соң жаштар арасында көп угармандарды өзүнө топтогон. Чыгармага автор катары Мирбек Атабеков жана Бегиш көрсөтүлүп келген. Бирок, автор жана аткаруучу коомчулукту эч нерсе билбейт деген ойдобу же...? Кыскасы, белгисиз... Бул ыр плагиат! Ырдын түпкү нускасы Америкалык рэп ырчысы Bow Wowго таандык. Ырга өзү авторлук кылган Bow Wow - Better (Explicit) аталышында 2011-жылы “T-Pain” менен бирге аткарып чыгып, 2012-жылы клибин жарыкка чыгарган. Беш жылдын ичинде ырдын оригинал версиясы “Youtube”желесинде 13 846 535 көрүүчүнү топтогон. Ал эми биздин аткаруучулардын клиби 897 741 көрүүчү топтой алган.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549