www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Бабанов: "Атамбаев мага батасын берген, ал тууралуу жаман айткан эмесмин"

Камчыбек Бостон 15-октябрь 2017, 17:50

Саясат


Өмүрбек Бабанов: "Атамбаев мага батасын берген, ал тууралуу жаман айткан эмесмин"

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды.

“Мага анын сөздөрү тууралуу канча жолу келип айтышты, бирок мен ал жөнүндө бир да жолу жаман айткан эмесмин” деди Бабанов.

Ошондой эле ал бул жолку шайлоо таза өтпөй жатканын кошумчалады.

«Президенттикке талапкерлигимди коёр алдында мен президент менен кеңешкем. Жеке өзүнүн батасын алгам. Ал “Ооба, президенттикке катыш. Биз өз талапкерибизди көрсөтөбүз, сен да катыш. Ким утса ошол утат» деди. Күбөлөр бар. Ал шайлоо таза өтөт деп кепилдик берген. Бирок бирдей шарт жок болууда. Соңку апта ичинде, мен буга толук ишенем, Алмазбек Шаршенович Атамбаевди дезинформациялашты. УКМК жана милиция берген маалыматтын баары аны дезориентациялады. Мен анын бүгүнкү сөзүнө өтө капа болуп жатам», - деди Бабанов.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Өмүрбек Бабанов тууралуу:

- Бабанов ушул жылы дээрлик ар бир жумада, эки жума сайын үйүмө барып турчу. Биздин үй-бүлө жазында, жайында Бабановдун шаар четиндеги чарбасынан кулпунай, бүлдүркөн жеп келишчү. Анан эле 1,5 ай мурда мени “аби” деген (түркчө "ага" – авт.) Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип 20 млн доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым, - деп айткан.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 11 талапкер ат салышууда. 

Булак: azattyk.org


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83