www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адахан Мадумаров: "Бүл шайлоонун башка шайлоолордон айырмасы өлкө башчыбыздын болуп көрбөгөндөй үгүт ишине катыштыгында"

Камчыбек Бостон 15-октябрь 2017, 14:44

Саясат


Адахан Мадумаров: "Бүл шайлоонун башка шайлоолордон айырмасы өлкө башчыбыздын болуп көрбөгөндөй үгүт ишине катыштыгында"

Мамлекет башчылыкка талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандагы бул жолку президенттик шайлоонун өзгөчөлүгү деп өлкө жетекчилеринин үгүт иштерге мурда болуп көрбөгөндөй кийлигишкенин атоодо. Мындай пикирин Мадумаров бүгүн билдирди:

- Эч качан мындай шайлоодо мамлекеттин башчысымын, өкмөттүн башчысымын деген кишилер желтамандай болуп мындай чимирилип жүргөн эмес. Өздөрү үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мыйзамды бузуп, Конституцияны тебелеп, көз боёмочулук менен алектенип жатканы биздин тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Аябагандай катуу көз боёмочулук менен жүрүштү. Экөө тең. Административдик, акча-каражат ресурсу абдан катуу колдонулуп жатат.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев буга чейин эл менен жолукканда шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болорун билдирген.​

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүүдө. 11 талапкер ат салышууда. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83