www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
С. Жээнбеков: "Бабановду командама кошоюн деген оюм жок"

Камчыбек Бостон 16-октябрь 2017, 07:07

Саясат


С. Жээнбеков: "Бабановду командама кошоюн деген оюм жок"

Кыргызстанда кечээ (15-октябрда) өткөрүлгөн президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен алдыда КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков бара жатат. Ал жекшемби кечиндеги шайлоо аяктаган соң өткөргөн маалымат жыйынында атаандашы Өмүрбек Бабанов боюнча айрым суроолорго жооп берди.

"Азаттык" үналгысынын кабарчысынын "(атаандашыңыз) Өмүрбек Бабановду командаңызга чакыргыңыз келбейби?" деген соболуна С.Жээнбеков: "Андай нерсе оюмда да жок", - деп жооп кайырды.

Журналисттердин "коррупцияны Бабановдон баштайм дедиңиз эле" деген суроосуна комментарий берүүдөн баш тартып, "аны силерге эмес, өзүнө айтайын, артынан айтканым туура эмес болуп калат", - деп жооп кайтарды.

Бүгүнкү шайлоодо катуу атаандаштык негизинен эки талапкердин - Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрдү.

Шайлоонун алдында КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебатында Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышкан.

Бабанов шайлоону утурлай административдик ресурс кайсы талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатканы баарына белгилүү экенин айткан.

Сооронбай Жээнбеков "эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деп билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55,93% түздү.

Жалпысынан каттоодон 3,025,770 шайлоочу өткөн. Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 916 892 киши добуш берген. Экинчи орунга 565 071 добуш менен Өмүрбек Бабанов чыкты.

Адахан Мадумаров 108 399, Темир Сариев 42 975, Таалатбек Масадыков 10 585, Арстанбек Абдылдаев 1990, Эрнис Зарлыков 1530 добуш алган.

Шайлоодо он бир талапкер ат салышты. Добуштар эсептелинип, жыйынтыгы улам жаңыланууда. 

Булак: azattyk.org


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83