www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Бабанов: "Адам күйгөн сайын курч болот экен, биз бекем болдук"

Камчыбек Бостон 16-октябрь 2017, 14:23

Саясат


Өмүрбек Бабанов: "Адам күйгөн сайын курч болот экен, биз бекем болдук"

"Мен ар дайым бийликти эч качан күч менен басып албайм деп айтып келем, жана айта берем. Ошондой эле азыр, жана келечекте дагы бийликти басып алалы деп жаткан жокпуз. Мен элден, шайлоочулардан жана командаман чагымчыл күчтөргө алдырбоону суранып кетет элем.

Биз менин тарапташтарымдын, шацйлоочуларымдын жана үгүтчүлөрдүн укуктарын бир гана мыйзамдуу жол менен коргойбуз. Ошондой эле мен биздин жеңиш сөзсүз түрдө келечекте ишке ашат деп ишенем. Жакшы сөз бар, "бизди өлтүрбөгөн нерсенин баары бизди курчутат" деген. Адам күйгөн сайын курч болот. Мени жана менин командамды курчутушту, биз бекем болдук".
Мындай оюн бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов журналисттерге маалымат жыйын өтүп жатып айтты.
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө.
Айта кетсек, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон. 

Булак: super.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83