www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ыр уурдаган Мыктыбек Мыйманбаев Торегали Торэалинин кыжырын келтирдиби?

Майрамбек Каримов 28-октябрь 2017, 12:26

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Ыр уурдаган Мыктыбек Мыйманбаев Торегали Торэалинин кыжырын келтирдиби?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Рубрикабыздын кезектеги каарманы жаш аткаруучу Мыктыбек Мыйманбаев жана анын аткаруусундагы "Күлгөнүң сулуу" аттуу чыгарма болмокчу. Мыктыбек- чоң сахнага уурдалган ыр менен кадам таштап, Ош шаарында тамадалык кызмат кылып жүргөн жигит экен. Алгачкы ырын жаздырып, клибин тарттырган соң Мыктыбек дароо биздин көзгө илинди. Себеби, анын ыры плагиат. Бул ырдын түпкү нускасы казак элине таандык. Ырдын обонун Курал Молжанов жаратса, сөзүн Кайнар Алагөзов жазган. Ал эми ырды калың элдин катмарына жеткирген Торегали Торэали жана Курал Молжанов аткарган “Түңги клуб” аталышындагы дуэт ыры.

Бул ыр тууралуу маалымат топтоо үчүн Торегали Торэали менен байланышканыбызда ал: “Бул чыгарманы жараткан Курал Молжанов менен Кайнар Алагөзов менин эң жакын досторум. Биз бирге чыгармачылыкка аралашып, ынтымакта эл үчүн кызмат кылып келе жатабыз. Бул ырдын автордук укугу толугу менен мага өткөн. Себеби, ал менин репертуарымдагы ыр болуп саналат. “Түнги клуб” аттуу ырыбызды которуп чыккан ырчы жигит тууралуу директорумдан кабар алдым. Ырды толугу менен уккан жокмун. Директорум ырчы жигит менен байланышканында орой жоопторду кайтарганы үчүн мен таң бердим. Ырды чыгарган учурда эң биринчиден авторлорду эч көрсөткөн эмес.

Анан да “Кыргызстанда мен эле ыр уурдап жаткан жокмун” деген сөзү менен өзүнүн деңгээлин көрсөтө кетти. Бул ыр тууралуу учурда биздин топ иш алып барып жатышат. Казак-кыргыз бир тууган эл болгондуктан, ыр уурдоодо уруксаат алуу, мыйзам чегинде келишимге келүү деген нерселерге маани берүү ар бир ырчынын мээсинде жашаш керек деп эсептейм” деп билдирди. Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83