www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар: Айдана Дека уурдаган ыры менен хит болобу?

Майрамбек Каримов 20-октябрь 2017, 15:10

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар: Айдана Дека уурдаган ыры менен хит болобу?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүн, биз кеп кыла турган ырчы кыргыз шоу-бизнесине жаңыдан аралашып жаткан ырчы кыз Айдана Дека жана анын аткаруусундагы “Бийле” аттуу чыгармасы болмокчу. Бул чыгарманы угаар замат ойго дароо индия бийи эске келет. Ырдын музыкасы көпчүлүк үчүн тааныш. Себеби, кайсы жерге барба бала бакча, мектеп, ЖОЖдордо индия бийи десе дал ушул музыкага көпчүлүгү бийлешет. Ооба, сөз болгондой бул ырдын түпкү нускасы даниялык ырчы жана композитор Анила Мирзага таандык. Анила бул ырды 2003-жылы “Money, money” аталышында аткарып чыгып, бир нече сыйлыктарга ээ болгон. Ал эми Айдана бул ырды аткарып чыкканы хитке айлана элек. Анан да биздин ырчы кыз ырды уурдаганы менен авторунан уруксаат албаганы бизге маалым болду.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83