www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кудайберди Кожобеков:«Эгер Жогорку окуу жайлары аккредитациядан өтпөсө, мамлекеттик деӊгээлдеги диплом берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт»

Гүлжан Шерипбаева 20-октябрь 2017, 17:16

Илим


Кудайберди Кожобеков:«Эгер Жогорку окуу жайлары аккредитациядан өтпөсө, мамлекеттик деӊгээлдеги диплом берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт»

«Эгер Жогорку окуу жайлары аккредитациядан өтпөсө мамлекеттик деӊгээлдеги диплом берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт»,-деди Кудайберди Кожобеков өткөрүлгөн иш- чарада. Бүгүн И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекттик техникалык университетинин жыйын залында аккредитациядан өтүүнүн жолдору жана өзгөчөлүктөрү тууралуу семинар болду.

Иш-чара КРдин Билим жана илим министрлигинин демилгеси менен болду. Семинарды «Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги» өткөрүп жатат. Ал эки күнгө созулат. Көз карандысыз агенттиктин айырмачылыгы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндап Гулияш Ниязова буларга токтолду; «Аккредитацияны жогорку окуу жайлар өз каалоолору менен өтөт. Алардын мөөнөттү кээ бири 6 ай менен гана чектелсе кээ бирининки узак убак. Кыска мөөнөткө алган сертификатын узартуу үчүн атайын эксперттик коммисия келип, текшерүүдөн өткөрүп улантуу же токтонууну чечет. Жылдан жылга аккредетациядан өтүүгө кызыгуу күчөп бара жатат. Ал эми бул жолку семинарда аккредитациядан өтүү үчүн онлайн анкета толтуруу мүмкүнчүлүгү бар», - деди.

Андан соӊ профессор Кубанычбек Шункеев жогорку окуу жайлардын ортосундагы жана адистиктер арасында, окутуучулардын даражалары тууралуу билдирди. 2016-жылдан бери ар бир ЖОЖ аккредитациядан өттүү шартталган. Иш -чарага өлкөбүздүн ЖОЖайларынын өкүлдөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83