www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айгерим Кожобекова: "Унутуу"

Камчыбек Бостон 26-октябрь 2017, 14:32

Илим


Айгерим Кожобекова: "Унутуу"

Унутуунун терең сырын изилдеп,

Чачырады ойлорум да бириндеп.

Өчүргөн менен сүрөтүңдү бүт жерден,

Элесиңди көрөм күндө элестеп.

Унутууга бел байладым күч топтоп,

Чогу өткөргөн күндү эстеп шолоктоп.

Миң бир ирет биз башкабыз десем да,

Кыялданам сен жөнүндө жомоктоп.

Биргеликте келечекке жол салган,

Убадалар биз экөөбүз антташкан.

Баары бирдей урап түштү күбүлүп,

Тааныш болдук эми болсо жатташкан.

Азыркы эсим болсо эгер ошондо,

Сенден оолак болоор элем көргөндө.

Мүмкүн мага тагдыр сыноо салгандыр,

Өкүнгөндөн пайда жок дейт өткөнгө.

"Унуттум" деп, адеп айтам кезектеп,

Унутууга кудуретим жетет деп.

Телефондон өчүрсөм да атыңды,

Сүйүүм сага койгон экен кишендеп.

Сени унутуу болмок экен эң оңой,

Сүйүүм сага койбогондо кишендеп.          

 Автор: Айгерим Кожобекова

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549