www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмне үчүн кыргыз кыргызга ишенбейт?

Камчыбек Бостон 21-октябрь 2017, 05:25

Коом


Эмне үчүн кыргыз кыргызга ишенбейт?

Кыргыз кыргызга ишенбейт. Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин. Тамак ичкени барсак өзбек, уйгур же кытай ашканасына барабыз. Кыргыз байкуш беш бармак менен ак серкени даярдап отурса да жакпайт.Улуттук ашканалар бош. Ижарасын төлөй албай эптеп күн өткөрүп эртең жакшы болуп калаар деген үмүт менен жашайбыз. Машинабыз бузулса  алкаш болсо да мейли деп орус издейбиз. Кыргызга бурамасын бураткыбыз келбейт. Уста издесек да аргабыз кетсе жер которуп келген туугандардан издейбиз. Эмне үчүн? Себеби, бири-бирибизге ишенбейбиз. Саясатчыларды мындай кой карапайым калк бири-бирине ишенбейт. Айылга барсаң да шаарга келсен да окшош жашоо. Кошунаңдан сүт сатып ичесиң. Кайра берем деп сурасаң сүткө суу кошуп кайрып берчүүдөй болуп күмөн санап, андан гөрө акчасына эле алчы дейбиз. Ишеним менен жашоо жеңил болоорун билип турсак да билгибиз келбейт. Адамдарга эмес улуу жараткан Кудайга да чын жүрөктөн ишене албайбыз. Беш маал намаз окуп Кудайдын кулу боло албайбыз бирок,жума күнү мечитке жөнөйбүз. Себеби, Жума намаз. Эл көп барат. Эл жөнөсө биз да жөнөйбүз. Бирок, эртең мененки намазды уктап калып окуган эмеспиз. Калган намаздарды жумуштан кол бошобой окубай калганбыз... Мына, биздин ишеним. Өлгөндөн кийин сурак болот. Бейиш менен тозок бар деген биз үчүн жомок. Өмүр өтүп өлөөрүбүзгө деле ишенбегендей жашайбыз.Өлүмдөн кийинки жашоо деген түшүнүк жок. Барып келген киши бар бекен?-деп сурап койобуз... Биринчи адам бири бирине ишенмейинче, кыргыз кыргызга ишенип бири-бирибизди барктап бааламайынча турмуш чакчелекей боло берет окшойт. Улуу Кудайга чын жүрөктөн ишенип сыйынсак анан Кыргызстанды чын жүрөктөн сүйсөк кандай падыша келсе элдин пейилине жараша Кудайдын берээрин түшүнсөк жашообуз оңолот беле. "Зима не будет"- Американы кыргыз сактап калат... Жолуңду ачып салам. Келечегиңди көрүп жатам. Аркы дүйнө менен байланышып жатам деген көк мээлерди ээрчибей эле бул дүйнөдө тирүү басып жүргөн Кыргызстан эли бири-бирибизге ишенип, жаңы шайланган Падышага ишенип ниетибизди оңдосок кандай болоор эле?... Падыша футбол талаасына чыгып футбол ойноп калат . Дарбазага туштап туруп топту тепсе топ үстүнөн өтүп кетет экен. Гооол деп эле ызы-чуу түшүп кол чаап коштоп калышат. Падыша таң калып эээй токтогула кайдагы гол? Топ дарбазага кирген жок десе болбой эле гол, гооол, гоооол деп кыйкыра беришет. Ызаланган падыша чоң молдого жөнөптүр. Молдоке калыс сөзүңүздү айтсаңыз. Мен топту тепсем дарбазага кирбесе деле гол деп кыйкырып жатышат. Бул мени шылдыңдагандык болобу?-десе,ниетинизде гол киргизсем экен дедиңиз беле? Ооба. Демек, баардык иш ниетке жараша болот- деген экен. Ниетибизди түздөп Ишеним менен жашайлычы бир туугандарым. Кудай баарыбыздан ыраазы болсун!

Жамалбек Ырсалиев

Булак: NazarNews. kg 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83