www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кездеги диктор эжекебизге колдоо керек

Камчыбек Бостон 21-октябрь 2017, 09:07

Коом Кайрымдуулук


Бир кездеги диктор эжекебизге колдоо керек

Калипа Ибрагимова союз мезгилинде Ноокат райондук радиосунда диктор болуп иштегенин замандаштары суктануу менен айтышат. "Чакан бойлуу, келбеттүү, тыпылдаган айым эле" дешет. Радиодогу дикциясы уккан адамды суктандырып турчу экен. Адам баласы ар кандай оор тагдырга туш болушубуз мүмкүн. Канчалаган замандашын сулуулугу, тунук дикциясы менен суктандырган диктор Калипа апа азыр аянычтуу тагдырга туш болуп отурат.

«11 жыл чогуу жашаган жолдошум менен ажыраштым»
- 1938-жылы 10-майда Ноокат районунда туулгам. Мурда 5500 сом пенсия алчумун, кечээ жакында 6000 сом алдым. Буга да шүгүр.

  Алгач Ноокат районунда радиодо диктор болуп иштеп жүрдүм. Кадамжайга турмушка чыгып 3 кыз, 4 уулдуу болгом. Алардан 2 кыз, 2 уул эгиз болчу. Эгиздерим кайтыш болуп кеткен. 11 жыл жашаган соң жолдошум экөөбүз эки айрылыш жолго түштүк. 1 кыз, 2 уулум менен Ошко келдим. Ош шаарына келип редакцияда катчы, арип терүүчү болуп иштедим. Текстиль фабрикасында иштесең үй берет экен дешкенинен 7 жыл текстилде иштеп, ушул 2 бөлмөлүү үйдү алгам.

«Баланын өлүмүн энеге көрсөтпөсүн…»
- Уулдарымдын чоңу 1990-жылдагы улуттар аралык жаңжалда башына сокку жеген. Акыркы жылдары ал жарааты онкологиялык ооруга айланып, көп азап тартты. Ушул жылдын 9-август күнү каза болуп калды. Ошондон бери күйүткө чөгүп отурам. Энеге баланын өлүмүн көрсөтпөсүн. Мурда үйлөнгөн эле, келиним «бетиме бырыш түшөт» деп төрөбөй жүрүп ажырашышкан. Ошол бойдон артында туяк калбай кете берди. Баламдын көзү өткөндө жаагын таңган жоолукту сактап алып башыма коюп жыттап отурам. Кызымды чет тили мугалими кылгам. Турмушу бар, бала-чакасы менен очор-бачар болуп жашап жатат. Ал эми экинчи уулум 45 жашка чыкты. Анын да үй-бүлөсү жок. Эки көзү тең көрбөй калды. Дарылаталы десек каражат жагынан кыйналып турабыз.

«Сол көкүрөгүм бычак менен тилгендей ооруйт»
- Менин ага-ини, эже-сиңди, дегеле эч кимим жок.  2-топтогу майыпмын. Бирок майыптыгым үчүн пенсия албайм. Уулум каза болгондон кийин күйүткө чыдабай ыйлай берип сол көзүм көрүүдөн калды. Сол көкүрөгүм менен аркама кызыл, майда бүдүрлөр чыкты. Тери оорулар ооруканасында 25 күн жаттым. Дарыгерлер майда бүдүрлөрдү тешет, андан суу чыгат. Ошентип дарылашты. Бирок ошол сол көкүрөгүм арткы далым жакка чейин бычак менен тилип жаткандай болуп ооруп жатат. Кийим да кийүүдөн кыйналам. Бел омурткам кыйшайып, жакшы да кыймылга келе албайм. Ош окуясында башка туугандардыкына качып кеткенбиз. Yйүбүзгө от ыргытышкан экен, эмеректерибиз өрттөнүп кеткен. Буюмдарым ушинтип чачылып турат. Балам экөөбүз эч нерсеге жарабайбыз. Кызымдын кызы 2.5 айлык бөбөгү менен келип аны-мунума каралашып, эптеп жыйнап берет. Бул бөлмөдө уулум экөөбүз, тиги бөлмөдө небере кызым бөбөгү менен жашайт. Ал да жумушсуз, көчөгө чыгып тапкан жумушунда иштеп күнүмдүк оокат таап келет. Yйдө жылуулук жок. Кыш келатат, кантип жашайбыз деп кабатырдамын.

«Атамбаевге «президент болосуң» деп бата бергем»
- Алмазбек Атамбаев президенттигине талапкер болуп, агитация менен Ноокат районуна барганда элдин ортосунда басып бараткан  экен. «Токто» деп кыйкырсам токтоп, менин жаныма басып келген. Ошондо «Сен президент болосуң. Эл башкарасың. Оомийин!» деп бата берген элем. Атамбаевге жолуксам, ичимдегини айтып алсам болот эле. Кайрымдуу элден да жардам сурайт элем. Акчадан кайрылышса баламдын көзүн дарылатсак болот эле. Башкаларга окшоп уулум да үйлөнүп, жайланып, бала-чакалуу болсо жакшы болмок.

Биз барганда Калипа апа араң басып чыгып тосуп алды.Yйүндө жалгыз го десек ашканада радио угуп кичүү уулу отуруптур. «Мен жөнүндө жазбагыла» деп ачууланып жатты. Ал-абалын сурап, араң кепке тарттык.

- Сол көзүм тарап менен катуу жыгылып, каш тарабы жарылып, дарыгерлер тигишкен. Тиккенден кийин үйдө жылуу отуруш керек экен, а мен тирилик деп суукка чыгып жүрө берип сол көзүмө залакасы тийди. Көр болуп калат экенмин деп кыжаалатчылыктан ичип жүрүп, оң көзүм да ооруп калды. Дарыгерлерге барсам катаракта бар дешти. Азыр дубалдарды бир аз көрөм. Бирок ак эмес, жашыл түстөй болуп көрүнгөнсүйт. Адамдардын жүзүн такыр көрбөйм. Биринчи топтогу майыпмын. 2000 сом пенсия алам. Көзүм көрүп, үй-бүлө курсам, бала-чака баксам деп ниет кылам. Элден каражат жагынан жардам сурайт элек. Жок дегенде апамдын ден соолугу жакшырып калсын. Апамсыз эч нерсе кыла албайм, радио угуп, ашканадан чыга албай эле отура берем.

Калипа Ибрагимовага жардам берүүнү каалаган кайрымдуу атуулдар болсо Ош шаары, Ош району Жим көчөсү, 12-үйдүн 53-батирине кайрылсаңыздар.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549