www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талай Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты: "Жубайым менен таанышканда эле ушул периште мендик болот дегем"

Майрамбек Каримов 21-октябрь 2017, 14:42

Саясат Маек


Талай Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты: "Жубайым менен таанышканда эле ушул периште мендик болот дегем"

— Талай Айтмаматович, эң алгач бала чагыңызга көз чаптырсак. Дүйнөнү багынткан чемпиондун балалыгы кандай өттү экен?

— Ааламга жол айылдан башталат дегендей, менин балалыгым да айыл жеринде өттү. Эл катары мал багып, кой жайып, пахта терип, тамеки тизген күндөрүм эсимде. Менин балалыгым СССР деген улуу держава өкүм сүрүп турган кезге туш келди. Айылыбыз аябай пахтазарлуу эле. Пахтанын ачылган кезин көрсөң тим эле бир укмуш, айланага ак шейшеп ороп койгондой таасир калтырчу. Балалыгым ошондой күндөр менен эсте калган.

— Спортко болгон шык кой кайтарып жүргөндө эле пайда болгонбу?

— Менин спортко болгон шыгым бала кезде эле пайда болду десем болот. Алтынчы класста окуп жаткан кезимде Бишкек шаарында спорт мектеби ачылган экен. Мектеп тууралуу бул жакта жашаган таякем “Талайды спорт мектебинен окуткула” деген сунушун айтты. Апам болсо “Талай кетсе уйду ким багат” деп көнбөй койду. Менин болсо шаардагы спорт мектебинен окугум келгенин сураба. Бир күнү апама кат жаздым, Масабиров Кайрат Бишкек шаарындагы жаңы ачылган спорт мектебине кабыл алынды, мектеп директору деп кол коюп, конвертке салып апама бердим. Ошондо балалыгым менен апам ишенип калсын десем керек. Апам кайдан ишенмек эле, менин дилгирлигимди, спортко болгон кызыгуумду байкап, жаш баланын шагын сындырбайлы деп атам экөө кеңешип, мени спорт мектепке жөнөтүштү. Спорт мектебине аттануум менин спортко болгон алгачкы кадамым эле.

— Атыңызды Кайрат деп айтып жатасыз. Документте жазылганы Кайратпы?

— Таң калбай эле кой. (күлүп) Атымдын Талай экенин мен деле жетинчи класста билдим. Спорт мектебине жаңы келгенде Талай Масабиров десе таң калганымды айтпа. Көрсө, менин документтеги атым Талай экен. Мен эки ат алып жүргөнүм да өзүнчө кызык окуя экен. Жаңы төрөлгөнүмдө апамдын курбусу мени көргөнү келет. Аты ким деп сурайт. Талай дешет. Менин баламдын атын коюп алыпсыңар деп таарынат. Көрсө апамдын курбусунун баласынын аты Талай экен. Аяш апамдын таарынычын жазуу үчүн атымды Кайрат деп өзгөртүшөт. Анда эч кимдин оюна келбейт документти өзгөртүү. Мектепте мугалимдер да мени документтеги атым менен чакырышпай Кайрат дешчү. Азыр деле айылдаштарым мени Кайрат дешет. Кыскасы менин атымдын тарыхы ушундай.

— Ата-энеңиз кандай кесиптин ээлери болчу?

— Биз жети бир тууганбыз. Мен үйдө бешинчи перзентмин. Атам милиция тармагында көп жыл эмгектенген. Апам болсо кассир эле.

— Энелүүлөр картайбайт дегенге кошуласызбы?

— Туура айтасын, апамдын көзү тирүү кезинде өзүмдү бала сезчүмүн. Апамдын көзү өткөн соң картая түшкөндөймүн. Ата-энем экөөнүн тең көзү өтүп кеткен. Айылда кудайга шүгүр бир туугандарым жашайт. Каттап турам бирок барыбир ата-эне мээрими жетишпейт да.

— Ата-энеңиз сизге берген тарбияны балдарыңызга бере алдым деп ойлойсузбу?

— Ата-энем мени дүйнө чемпиондугуна татыктуу, эрктүү кылып тарбиялашкан. Уулдарымдын улуусу Японияда дзюдо академиясында окуп жатат. Машыктыруучуларынын айтымында келечеги кең. Кичүү уулум футбол менен машыгат. Мен уулдарымды дүйнө чемпиону болсо деген үмүтүм бар. Эми келечек көрсөтөөр. Колумдан келишинче тарбия берип жатам.

— Мектеп партасында кыздарга кат жазганыңыз эсиңиздеби? Алгачкы жактыруу дегендей?..

— Мен мектепте кыздарга кат жазбадым.

— Алгачкы сүйүүм келинчегиме арналды дегени турасызбы? Балалык арзуу болот эмеспи?..

— Балким, мен да эл катары айылдагы мектептен окууну аяктасам, кыздарга кат жазып гана тим болбой, жашоом башка нукка бурулмак беле. Мен алтынчы классты аяктаган соң, Бишкек шаарындагы жаңы ачылган спорт мектебинде окуумду уланттым. Мектепти спорт мектебинен аяктагам. Менин негизге максатым мыкты спортчу болуу эле да. Тынымсыз машыгуунун натыйжасында азыркы ийгиликтерге жетиштим десем болот. Билген адамга спорт дүйнөсү өзүнчө эле айтып бүткүс кызыктарга бай дүйнө. Аны башынан өткөргөн эле адам түшүнбөсө, кээ бирөө түшүнүшү өтө кыйын. Мен ошол спортко баш отум менен кирип алып, сүйүү сезим деген нерселерден артта калып кеттим окшойт. Жашым отузга таяганда келинчегим менен таанышып калып, артынан жүгүрүп жүрүп үйлөнгөм.

— Кандайча?..

— Жеңең менен концертте таанышып калдым. Бизди келинчегимдин курбусу тааныштырды. Чынын айтсам абдан жагып калды. Сулуу, жаш, кыялымдагыдай периште көрүндү. Жеңеңе жолукканга чейин үйлөнүү тууралуу ойлонбогонума өзүм таң калдым. Ичимден ушул периште мендик болот деп койдум.

— Сизди жеңенин атасынын байлыгына карап үйлөнгөн дешет го?

— Кызык, ким айтып жүрөт антип? Мен жеңең менен биринчи таанышканда, сүйүүмдү арнап, биз кыз-жигит болуп ээрчишип жүргөн учурда кимдин кызы менен сүйлөшүп жүргөнүмдү деле билбегем. Келинчегим да мактанган эмес. Бара-бара олуттуу мамилеге өтүп, үйлөнөйүн дегенде гана кайнатам легендарлуу парламенттин депутаты экенин билгем.

— Кызымды бербейм деп кайнатаңыз аябай каршы болгон деп кеп салышат?

— Эми анча-мынча каршылыктар болгону чын. Ал мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да. Келинчегим менден бир топ жаш кичүү эле, кайнатам деле кызын окуусун аяктаса деген тилектер менен каршы чыкса керек. Ар бир ата- эне өз баласынын бактылуу болушун тилейт тура.

— Азыр кайын журт менен мамиле кандай?

— Кудайга шүгүр, карым-катнашыбыз жакшы. Алар конокко келип турушат, биз барабыз дегендей.

— Азыр сиз да кайнатаңыздай Жогорку Кеңештин депутаты болдуңуз. Кызыңыз жөнөкөй жигит тандаса, кандай жол тутасыз?

— Байлык, мансап бул колдун кири, бүгүн бар эртең жок дегендей. Кызым тандаган жигит бактылуу кылаарына көзүм жетсе каршы чыкпайм. Мен үчүн байлык бийликтен балдарымдын бактысы жогору турат.

— Жеңе кайсыл сапаты менен сизди багынткан?

— Келинчегимдин аты Акылай. Жогорку билимдүү. Эң биринчи жөнөкөйлүгү менен мени багытты. Депутаттын кызы болуп туруп бой көтөрбөй, мени менен сүйлөшкөн. Жеңеңде жакшы сапаттар көп. Анын барын айтсам кагаз бети түтпөсө керек го дейм (күлүп). Орду менен сүйлөгөнү мени өзүнө тарткан. Азыр да кээ бир аялдарга окшоп менин жумушума мурдун тыкпайт. Кыскасы өз ордун билгенин жогору баалайм. Спортчунун аялы болуш деле чоң түйшүк. Менин ийгиликтеримди колдоп турат

— Үйлөнүү тоюңар жомоктогудай өткөнү чынбы?

— Биздин үйлөнүү тоюбуз эл катары эле өткөн. Сен айткандай жомогу жок эле, жакындарыбыздын коштоосунда болгон. Өзүм жөнөкөй спортчу болсом кайдагы жомок той.

— Идиш-аяк кагышабы?

— Менин төрт балам бар. Эки уул, эки кыз. Балдарыма кыйын жакынмын. Келинчегим балдарды аскер тартибиндей катуу кармайт. Мен болсо балдарыма болушуп кетем. Ошондо кер-мур айтышабыз.

— Сүйүү бар экенине ишенесизби?

— Ишенем. Сүйүү бар аалам сакталып турат да.

— Эгер дагы бир жолу башыңызга сүйүү келсе, эмне кылмаксыз?

— Мага сүйүү келип бүткөн. Ак сүйүү менен үйлөнгөн жакшынакай жубайым, мотурайган балдарым бар.

— Кечиккен сүйүүгө кабылсаңызчы?..

— Эми кайдагы сүйүү? Мен жетпеген изги тилектерге балдарым жетсин.

— Эркек элүү жаштан кийин ачылат дегенге кандай түшүндүрмө бересиз?

— Эркек элүүдөн кийин ачылат десе сөзсүз эле сүйүү келди деп түшүнбөш керек. Элүүдөн кийин уул үйлөп, кыз узатып, небере жытын искеп калат. Акыл токтотуп, бир иштин майын чыгара жасаарда сүйүү келди деп дербиш болуп кетүү менин жан дүйнөмө жат көрүнүш. Анын үстүнө мен орустар айткандай “однолюбмун”. Кыскасын айтканда сүйүүнү кабыл албайм.

— Сүйүү эркекке эки ирет келет дегенге кошуласызбы?

— Сезимди күтүп жүргөндөргө, болбосо аялдан жолу болбой же башка кандайдыр бир себептерден улам сүйүүгө экинчи ирет кабылбаса, куттуу очогу жайында, бары ордунда турган эркектин сүйүү издешин тура көрбөйм.

— Саясатка кайнатаңыздын аркасы менен келгениңиз чынбы?

— Эгерде мен кайнатамдын кадыры менен саясий упай чогулткум келсе, ал кадамга көп жыл мурда бармакмын. Мен спортто андан кийин деле мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштедим. Эми жалпы калкымдын керегине жарап, жаштарыбызды колдоо максатында Жогорку Кеңешке депутат болуп келдим. Буйруса менин максатым элимдин ишеничин актоо.

Булак: “Жаңы Ордо”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83