www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зөөкүргө кордолгон кызым "Ата апама окшоп менда учуп кетейинчи" деп жүрөгүмдү оорутат

Камчыбек Бостон 26-октябрь 2017, 21:41

Коом Маданият


Зөөкүргө кордолгон кызым "Ата апама окшоп менда учуп кетейинчи" деп жүрөгүмдү оорутат

Редакциябызга баш баккан атын атагысы келбеген Чүй облусунун тургуну төмөнкү окуяны көзүнө жаш алып айтып берди. “Мындайды башка салбасын” деп сөзүн баштаган атанын маегин сунуштоону туура көрдүк.

Кызым эне сүтүн эмбей өстү
– Мындан туура 20 жыл мурун ыраматылык жубайым экөөбүз баш кошконбуз. Ал кезде мен 20, ал бар болгону 17 жашта эле. Жубайым экөөбүз 13 жыл бала жытын искеген жокпуз. Муну да Кудайдын бир буйругу катары кабыл алып, ал экөөбүз бири-бирибизди туура түшүнүү менен урушуп-талашпай жашап келдик. Ортодо сүйүү болсо, баарына көнүп жашайт экенсиң да… Ооба, ал экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрчүбүз.

Кийинчерээк, жубайымдын боюна бүтүп, “Жаным, мен кош бойлуумун” деген сөзү мени бакытка бөлөнттү. Аттиң, эрте сүйүнүп алыптырмын… Дегеним, мындан 7 жыл мурун жубайымдын төрөтү оор болуп, андан улам каза тапты. Мына бул кызымды белекке таштап, өзү кете берди. Кызым эне сүтүн эмбей өскөн менен, апасынын ордун жоктотпой өзүмдүн апам (кыздын чоң апасы) мага мээримин төгүп, мени тарбиялап, өстүргөндөй багып келе жатат. Анткен менен, “Баары бир өз энеси болсо, жакшы болбойт беле” деп ичтен бир сызып алмайым бар.


Кызымдын келечеги катуу ойлондурат
– Ачыгын айтсам, тагдырга таарынып, ага арызданган жерим жок. Болгону, ушул кызымдын талкаланган келечеги катуу ойлондурат.

Азыр кызым бар болгону 7 жашта. Былтыр 2016-жылы 6 жашында бир зөөкүр анын балалыгы менен келечегин талкалап койду.

Ал күнү кызым адатынча короодо куурчактарын ары-бери көтөрүп, ойноп жүргөн. Чоң энеси (апам) болсо, тигиндеги тапчанга отуруп алып, курут жайып жаткан. Мен огороддогу картөшкөнү сугарып жүргөм. Бир кезде кызым чуркап келип, огороддун башына туруп алып кыйкырып жатканынан барсам, балмуздак жегиси келип жатканын айтты. Кызыма 20 сом берип койгон элем. Дүкөн мына маңдайда эле турбайбы. Көп болсо, 6-7 метр эле басасың. Кызым буга чейин деле акча берип койсом, өзү барып, өзү каалаган таттууларын алып жечү. Арадан жарым саат өтүп, суунун башын которуп коюп, үйгө келсем, апам – Кызың кана? – десе болобу. – Мага келип, балмуздак жегиси келгенин айтканынан 20 сом бергем. Дүкөнгө кетсе керек, – деп эч нерседен кабатыр албай, дүкөнгө барсам, эчак эле кеткенин айтты. Ошентип, апам экөөбүз кызымды издеп баштадык. Эч бир жерде жок. Бир кезде кошунабыз кызыңды бир бала жетелеп бараткан, “Ким болосуң?” десем, “Байкеси” деп койду эле. Алыскы туугандарыңардан келген го деп койдум эле, – деп мектеп тарапка кеткенин айтканда, 5-6 кошуна балдар болуп, чуркап жөнөдүк. Эски мектептин ичинен кызымдын бакырып-өкүрүп ыйлаган үнү угулду. Биз кирип барганыбызда, зөөкүр ишин бүтүрүп, изин жашырып кетиптир. Дагы ишин улантмак окшойт, бзди көрүп калып, терезеден секирип качкан экен. Канга боёлгон

кызымды көтөрүп, үйгөкелип, жуунттук. Кызым калчылдап, аябай коркуп калыптыр. Ошол замат милиция чакырттык. Алар кылмышкердин изи сууп кете элегинде кармап, алып кетишти. Көрсө, ал кызыма көптөн бери ар кандай таттууларды алып берип, өзүнө көндүрүп жүргөн экен. Ошол күнү кызым балмуздак алып чыгып келе жатканда көрүп калып, – Жүрү, мен сага өйдө жактагы дүкөндөн шоколад алып берем, – деп алдап, алып кеткен экен.

Кызым ал күндү унута алаар бекен?
Кылмышкер мыйзамга ылайык тийиштүү жазасын алды деңизчи. Бирок, анткен менен кызымдын тагдыры талкаланы калбадыбы. Ал ошондон бери чүнчүп, мурункудай көп ойнобой калды. Кечээ күнү чай ичип отурсак, – Чоң апа, ата, мен апама окшоп учуп кетейинчи, – деп ыйлап жиберди. Азыр кызымды бат-баттан дарыгерге алып барып, дарылатып жатам. Андан сырткары, психологго да көрсөтүүдөмүн.

Бул окуя эл ичинде унутулса унутулуп кетээр. А бирок, кызым унута алаар бекен?

Айылдаштар кылмышкердин үй-бүлөсүн айылдан кууп чыгышты
Кылмышкер биздин айылдын 26 жаштагы тургуну экен. Айыл эли бул окуядан соң, анын үй-бүлөсүн бул айылдан көчүп кетүүсүн талап кылып, кууп чыгышкан. Буга чейин жаңылыктарга чыккан элек. Бул ирет алардын жана менин аты-жөнүмдү айтпай эле коюуну чечтим.  Болгону, алмончоктой уул-кыздарыбыздын тагдыры талкаланып, мен тарткан азапты башка ата-энелер тартпасын каалар элем. Негизи, мындай зөөкүрлөргө өлүм жазасы колонулса болмок. А болбосо, өмүр боюу чыга алгыс кылып эркинен ажыратыш керек. Эмнеси болсо да, мындай кырсыктарды кулак угуп, көз көрбөсө экен…

Баардык ата-энелерге айтаарым, уул-кыздарыңарга көз болгула!

Булак:nur.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83