www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы маселени Дүйнөлүк соода уюму талкуулады

Айдар Нуралиев 31-октябрь 2017, 16:20

Коом


Кыргыз-казак чек арасындагы маселени Дүйнөлүк соода уюму талкуулады

Кыргызстан менен  Казакстандын ортосундагы чечилбей келе жаткан чек ара маселеси бүгүн Дүйнөлүк соода уюмунун Токио шаарында өткөн форумунда каралды.

Анда форумдун катышуучулары мамлекеттер ортосундагы чек арада кризистик абал жаралып, жүздөгөн автоунаалар бир нече жумадан бери чек арадан өтө албай жаткандыгын белгилешти.

Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы катчысы Кунио Микурия суроого жооп берип жатып, бул маалыматты эске алаарын билдирди.

Ал эми, ДСУнун башка катышуучулары Казакстан сыяктуу технологиялык жактан артта калган өлкөлөргө чек арадан текшерип, өткөрүүнүн жол-жобосун тездетүү үчүн технология жагынан жардам берүүгө чакырышты.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси 10-октябрдан бери чечилбей келет. 

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстандын өкмөт башчысы менен болгон эки жолку жолугушуусу натыйжасыз болуп, казак тарап чек арага болгон көзөмөлдү күндөн-күнгө күчөтүп, учурда бир нече жүк ташуучу унаалар чек арада өтө албай турушат.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83