www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-Казак чек арасындагы тыгын дагы деле азая элек

Камчыбек Бостон 02-ноябрь 2017, 12:19

Экономика Коом


Кыргыз-Казак чек арасындагы тыгын дагы деле азая элек

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде абал өзгөрө элек. Чек ара кызматынан  билдиришкендей, "Ак Жолдо" саат 10дон кечки 5ке чейин 100-300дөй киши жана 30-40тай жеңил машине, маршруттук такси, автобустар кезекке туруп калууда.

"Ак Тилек" бекетинде кезек күткөн оор жүк ташуучу машинелердин саны 400дөн ашуун, алардын катары 12 чакырымга созулат. Бул бекет аркылуу казак тарап бир саатта 6дан 10го чейин фура өткөрүп жатат. 1-ноябрда 115 фура өткөрүлдү, арасында жүгү жок машинелер да бар.

Таластагы "Чоң Капка" өткөрүү жайында 120га жакын транспорт каражаты турат. "Чалдыбарда" киши жана автоунаа тыгыны жок.

Буга чейин чек арадагы абалдан ишкерлерге келтирилген чыгымды баалоо боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Астана өз кадамын Кыргызстандагы шайлоо, андан кийин Кытайдан келген аткезчиликке каршы күрөшкө байланыштырган. Ага чейин 8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83