www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдошбек Сыдыков, Нарын мамлекеттик университетинин профессору: "Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы мүмкүн"

Чынайым Кутманалиева 15-февраль 2017, 11:35

Маек


Жолдошбек Сыдыков, Нарын мамлекеттик университетинин профессору: "Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы мүмкүн"

 -Жолдошбек агай, Раушан Айткулованын "эфирде"  чындыкты айтып жатат деп иишенсек болобу?

-Менимче, Раушан Айткулова “Эфирге” заказ менен чыкканы көрүнүп эле турат. Буга чейин Атамбаевди оор кылмыштарга күнөөлөп, Ак үйдүн алдында кыйкырып эле жүргөн.

-Бүгүнкү КТРК нын иш аракети  2005 - 2010 - жылды эске салып жатат, бийлик алсырап бара жаткан жокпу? Атамбаевдин бийлиги күзгө чейин жетеби ?

-Бийлик алсырамак турсун, жокко эсе болуп калды. Болгон аброюн (авторитетин) жоготкон. Бул процесске Атамбаев жана анын партиясы чоң "салымын" кошушту.

 Атамбаевдин бийлиги күзгө жетпей калышы да мүмкүн. Эгерде революциялар 2005- жылкы Аксыда, 2010- жылкы Нарын менен Таластай башталса, 2017-ж. Бишкек менен Ошто башталашы мүмкүн.

-Басымдуу болбосо да көпчүлүк эл “Ата Мекен” партиясынын ичинен бирөөнү президенттикке барышын каалашат экен. Сиздин оюңузча аталган партиядан  ким аттанат?

- Менин ойумда, Текебаевди чыгарыш керек. Кийинки Президент Текебаев болсо жалпы эл жана мамлекет утат.

-Биздин кыргыз эли Кремльдин таасирисиз өз алдыбызча президенттүү болушубуздун канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз? Текебаев Москвага эмне иш менен кетиши мүмкүн?

-Кыргызстандагы процесстерге Кремльдин таасири чын эле күчтүү. Бирок, биздин келээрки Президент мамлекеттин эгемендүүлүгүн катуу карманышы зарыл.Текебаев Москвага кетсе, ал төңкөрүштү эмес, Атамбаевди мөөнөтүнөн эрте кетишин камсыздоо үчүн барышы мүмкүн.

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83