www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рыскүл Изатова "Жан муза"

Камчыбек Бостон 09-ноябрь 2017, 12:02

Маданият


Рыскүл Изатова "Жан муза"

 Музамсыз сиз, колго калем карматкан,

Муздап калган жүрөгүмө шам жаккан.

Өзүмдү өзүм өгөйсүнтүп жүргөндө,

Өбөк болуп өмүрүмдү шаңданткан.

Ырасында, сизде гана мукам үн,

Ырдасаңыз көктү көздөй учамын.

Өчүп калган үмүттөрүм жанданып,

Өсүп гүлдөйт кайра арзуу бутагым.

Көздөрүңүз келишимдүү, ах, кандай,

Күн сыяктуу мээрин жерге чачкандай.

Жоон топ элден издеп келип атайын,

Жылуулугун мага берип жаткандай.

Коркпойм эми өксүк, күйүт,армандан,

Коомайланбайм жалгыздыкта калгандан.

Чындык ушул- сый, урматым, ак сүйүүм,

Чындык издеп карайлабайм жалгандан!

Автор:Рыскүл Изатова

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83