www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЭКСКЛЮЗИВ: Сайкал Садыбакасованын көз карашы эмнеге өзгөрдү?

Гүлжан Шерипбаева 10-ноябрь 2017, 17:36

Кыска-нуска


ЭКСКЛЮЗИВ: Сайкал Садыбакасованын көз карашы эмнеге өзгөрдү?

Атактуу айым Гүлшайыр Садыбакасованын кызы, ырчы Сайкал Садыбакасова жакын арада турмушка чыгат. Эл арасындагы айтылган сөздөр артта калып, Сайкал Садыбакасова жакында үй-бүлөлүү болуп, тележурналист Максат Довранов менен турмуштун даңгыр жолуна кадам таштагыны турат. Келечектеги пландары тууралуу ырчы Сайкал Садыбакасованы “Кыска-нуска” рубрикабыздын негизинде сөзгө тарттык.

-Сайкал, жакында эле турмушка чыгып атасың, деги эле турмушка чыкканга даярсыңбы? Жүрөгүңдө кандай сезимдер болуп жатат?

-Сезимдер албетте башкача, жакшы, кудай буюрса. Турмушка чыккандан кийин үй-бүлө куруп кеткенге колубуздан келишинче жакшы жашап кеткенге аракет кылабыз. Дегеле даярдыктар жакшы десем болот.

-Жолдошуң Ала-Буканын мырзасы экен, кайда жашайсыңар?

-Ошто го...

-Келиндик кызматка даярсыңбы, эртең менен эрте туруп, кайын-журтка чай берип дегендей...Дегенибиз шаарда өскөнсүң... Ак колсуң, атактуу айымдын кызысың. Дегеле шыпыргы кармаганга колдоруң даярбы?

-Мен кичинекейден тайэнемди карадым. Ак колмун дегенден алысмын. Үй иштерине тың элемин. Баардык тамактын түрлөрүн жасаймын. Айыл турмушуна даярмын. Анткени апам жыл сайын мени 3 айга айылга жөнөтчү. Кыскасын айтканда үй-тиричилигинен коркпоймун десем болот.

-Буга чейинки ар кандай айтылган сөздөр артта калды. Атактуу адамдарды ар кандай сөздөр ээрчийт. Кудай буюрса “бойдокчулук” менен коштошосуң? Ар кандай айтылган сөздөрдөн тажадыңбы?

-Мага айтылган сөздөргө көңүл деле бурган жокмун. Ар бир нерсеге көңүл бура берсек анда ...жазгандар да жаза берет, элдин пикири ар кандай...

-Сени буга чейин көпчүлүк атактуу адамга же бизнесменге турмушка чыгат деп эл арасында айтылып калчу...

-Байлык менен бакытты алмаштырып кереги жок. Бакыт болсо байлык өзү келет. Бакыт кандай жерде болот? Тынч жана кооз жерде. Мен так ошол жерди тандадым. Акча менен эч нерсе өлчөнбөйт. Адамдын адамдык сапаты керек. Эми Кудайдын буйругу, бешенеге сызганын көрөмүн. Кудайга өзүмдүн жашоомду мурда эле тапшырып койгонмун.

-Сайкал, эмнегедир акыркы сүрөттөрүңдө капалуудайсың, көздөрүңдүн артында бир катылган сыр бардай? Буга чейин жанып турган көзүң башкача, Инстаграм баракчаңа кайгылуу ырларды көбүрөөк жүктөптүрсүң...

-Баары жакшы. Баары ойдогудай. Көздөрүм өзү ар кандай болуп турат...Мен деле жаштык жайым калган жок. Турмушка аттанып атканда ким ойлонбой койбойт? Баардык нерсенин убакыт сааты келди. Ырларымдын баары эле кайгылуу өзү. Баары жакшы.

-Тоюңар канчасында?

-Кудай буюрса, 14-ноябрда...

-“Кыз-Бурак” Кыргызстанда легендарлуу топ. Канча мамлекеттен конок, тааныш-билиш чакыртылды?

-Тойго камылганы апам өзү көрүп жатат.

-Алгач уулдуу болгуң келеби же кыздуу?

-Уулдуу болгум келет.

-Сайкал, бактылуу бол. Баары сен ойлогондон жакшы болсун. Маегиңе чоң рахмат.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549