www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев ажолуктан кеткенден кийин кандай укуктарга ээ болот?

Камчыбек Бостон 12-ноябрь 2017, 11:48

Саясат


Атамбаев ажолуктан кеткенден кийин кандай укуктарга ээ болот?

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленип, уюштуруу комитети түзүлдү. Алмазбек Атамбаев кызматын тапшыргандан кийин кандай укуктарга ээ болот.

Экс-президент макамы өмүр бою сакталат.

Экс-президент кол тийгистик укугуна ээ. Ал кызмат учурундагы аткарган жана аткарбаган иштери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны кармоого, тинтүүгө, суракка алууга эч кимдин укугу жок. Кол тийгистик укугу анын жашаган үйүнө, иштеген имаратына, транспорт, байланыш кажараттарына, архивине, документтерине, жүгүнө жана кат жазышууларына дагы тиешелүү. Экс-президентти Кыргызстандын аймагында өмүр бою мамлекеттик күзөт кызматы кайтарат. Экс мамлекет башчынын жубайы жана жашы жете элек балдары медициналык тейлөөдөн бекер өтүүгө укуктуу. Ошондой эле ал өмүр бою каржылык колдоого ээ болуп (пенсия курагына чейин), пенсиясынын көлөмү айлыгынын 75 пайызын түзөт. Эгер учурдагы президенттин маянасы өсө турган болсо, экс-башчынын дагы пенсиясы жогорулайт.

Экс-президент өмүрү өткүчө мамлекеттик дачалардын бирин колдонууга ала алат. Ошондой эле аэропорттордун, темир жолдордун жана автостанциялардын залын расмий өкүлдөр менен делегацияларды кабыл алуу үчүн бекер колдоно алат. Экс-президент Кыргызстанда бийлик органдары ээлик кылган өкмөттүк жана башка байланыштардан бекер пайдалана алат. Ошондой эле кезексиз түрдө байланыш кызматын алууга укуктуу. Экс-президенттин ар-намысы, кадыр-баркы кол тийгис жана мыйзам менен корголот.  

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83