www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Плагиат ырларды ырдап көнгөн Анель бул ирет кимдин ырын уурдады?

Гүлжан Шерипбаева 23-ноябрь 2017, 20:04

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Плагиат ырларды ырдап көнгөн Анель бул ирет кимдин ырын уурдады?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиат ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы жаш ырчы Анель жана анын аткаруусундагы “Түнкү лирика” аттуу чыгармасы болмокчу. Бул чыгарма Анелдин аткаруусунда жарыкка чыкканына аз эмес убакыт болду. Ырды угаар замат плагиат ырлардан экенин сезесиң. Себеби, музыкадагы кайрыктар коңшу казак элине таандыктай сезилет. Акыры бул ырды изилдеп олтуруп биз чынында уурдалган ыр экенин таптык. Ырдын түпкү нускасы казак элине таандык. Ырдын обонун Куаныш Курманбаев жаратса, сөзүн Оразбек Киынбаев жазыптыр. Ал эми ырдын аткаруучусу Нурболат Абдуллин аттуу мырза экен. Ырдын автору Оразбек жана аткаруучусу Нурболат менен байланышканыбызда алар: “Бул ким? Эмнеге уруксаатсыз ырдайт? Биздин кабарыбыз жок экен. Анель айымга бизден салам айтып, ага ырдоого уруксаат жок экенин эскертип коёсуздарбы?” деген жооп кайтарышты.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549