www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызпатенттин колдоосун тапкан эки инновациялык долбоордун бетачары болуп өттү

Гүлжан Шерипбаева 28-ноябрь 2017, 17:28

Коом Илим


Кыргызпатенттин колдоосун тапкан эки инновациялык долбоордун бетачары болуп өттү

2017-жылдын 27-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде «Мыкты инновациялык долбоор-2015» конкурсунун жеңүүчүлөрү катары пайдалуу үлгүлөрдү ишке ашыруу үчүн өз убагында  гранттарды алган эки инновациялык долбоордун отчеттук бетачары болуп өттү, бул республикалык конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан жыл сайын өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз катчысы билдирди.

Конкурстун шартына ылайык эки жылдын ичинде авторлор өз долбоорлорун ишке ашыруунун үстүндө иштешип, өз эмгектеринин натыйжаларын көрсөтүштү. Отчеттук бетачардын максаты  тандап алынган инновациялык долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу жана коммерциялаштыруу үчүн ойлоп табуучулар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда аянтча түзүү болуп саналат.

Бетачарда төмөнкү инновациялык долбоорлор көрсөтүлдү:

  • «Лимфа алуу үчүн жана кийинчерээк онкологиялык дарттарды аныктоо жана дарылоо максатында адамдын ири лимфалык коллекторлорунун оозун дренаждоонун операциялык эмес ыкмаларын иштеп чыгуу» - инновациялык долбоордун автору–“Академик Ү. А. Асанов атындагы Илимий-техникалык борбору” коомдук фондунун директору Б. Ү. Асанов болуп саналат, долбоордун авторлошу А. С. Өмүрбаев.Авторлордун айтуусу боюнча илимий чечимдин жаңычылдыгы лимфаларды алуунун салттуу ыкмасына жаңычылдык менен мамиле жасоодо турат, мыйзамда белгиленгенжол-жоболоршуруу маселелеринен өткөн соң долбоорду практикалык медицинада колдонууга болот.

-  «Биротордук чакан ГЭС»- долбоордун  жетекчиси –А. Ж. Обозов, жооптуу аткаруучулар Р. А. Акпаралиев, Т. Т. Медеров - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун инновациялык долбоорлорунун авторлору болуп саналат.Долбоор жеке керектөөчү үчүн биротордук типтеги чакан суу электр чордонунун жаңы түрүн иштеп чыгууга багытталган.Долбоордун авторлору видеочыгырык жана тажрыйбалуу үлгү аркылуу жаңы техникалык чечими анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк түзгөн, өзгөчөлүгү калактарды кайрадан айландыруу болуп саналган биротордук жабдууну практикалык колодонууну көрсөтүштү.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев ойлоп табуучулардын медицинаны жана суу энергетикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын, ошондой эле адамды өнүктүрүүнүнбардык чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү  сапаттуу сунуштарды түзүүдө жаңыинновациянынбаа жеткис ролун белгиледи. “Жаңы технологиялар бизнес секторунун кирешесинин көбөйүшүнө жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасынын  өнүгүшүнө түрткү берет”, - деп баса белгиледи ал. “Инновациялык долбоорлорду өндүрүшкө киргизүүгө жана коммерциялаштырууга жардам көрсөтүү конкурстун негизги максаты болуп саналат, 2015-жылы конкурска 9 өтүнмө укелип түшүп, андан 3 долбоор тандап алынган, 2016-жылы44 өтүнмөдөн 4 долбоор, 2017-жылы 21 өтүнмөдөн 6 долбоор тандалып алынган. Белгилүү болгондой “Таза коом” санариптик өзгөртүү программасынын жана Өкмөттүн “40 кадам”программасынын алкагында инновациялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу артыкчылыктуу болуп саналат”, - деди өз сөзүндө Досалы Эсеналиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө жогоруда аталган инновациялык долбоорлордун автор-ойлоп табуучулары изилдөө ишине жана тажрыйбалуу үлгүлөрүн жасооаны иш жүзүнө ашырууда жардам бергендиги үчүн Кыргызпатентке терең ыраазычылыгын билдиришти.

“Көп күч жана убакыт жумшалды, долбоорду изилдөөгө, кайра иштеп чыгууга бир нече ирет кайрылууга туура келди - бул аябагандай татаал жана назик эмгек, бирок биздин эмгектерибизди илгерилеткендиги жана колдогондугу үчүн биз Кыргызпатентке абдан ыраазыбыз. ”, - деди өз сөзүндө Асанов.

“Өнөр жай масштабындабиздин долбоорду өндүрүшкө киргизүү кызыкчылыгы пайда болду. Ойлоп табуучуларды колдогондугу үчүн Кыргызпатенттин жамаатына ырахмат, буга чейин көп жылдар бою иштедик, эми интеллектуалдык эмгегибиздин натыйжасын көрүү бизге абдан жагымдуу”, - деди биротордук чакан ГЭСти көрсөтүп жатып, А.Обозов.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

                                     

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549