www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Айнура Абдиназарова 30-ноябрь 2017, 15:48

Саясат


“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

2-окуудагы мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов алып чыкты.

Мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен аталган мыйзамдын 6-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Ага ылайык спортчуларга спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо боюнча мамлекеттин милдеттемеси белгиленет. Бүгүнкү күндө болсо стипендияларды төлөө «КР алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүгө укугу бар адамдарды жөнгө салуу максатында долбоор менен 25-беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Анда “КР спорт чебери” же “КР эл аралык класстагы спорт чебери”, “КР эмгек сиӊирген спорт чебери” спорттук наамдары бар адамдар квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөндөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленүүдө.

Талкууда спорт тармагын өнүктүрүүдө комплекстүү иш-чараларды көрүү зарылчылыгы айтылды. Эл аралык спорттук иш-чараларга легионерлердин ордуна татыктуу атамекендик спортчуларды тартуу менен улуттук спортту өнүктүрүү жагы сунушталды. Борбор калаадагы спорттук мектеп-интернат өңдүү окуу жайларды облустарга да ачуу зарылдыгы көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83