www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар: Ырчы Элизабетта бир аз уялса болмок...

Гүлжан Шерипбаева 02-декабрь 2017, 15:37

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


 ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар: Ырчы Элизабетта бир аз уялса болмок...

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиат ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар быкбырдай жайнады. Саны барына караганда сапаты жогурагы көп. Бүгүнкү биздин сыныбыздагы коногубуз Элизабетта аттуу ырчы. Бул ырчынын “Сагындым” деген ырын эл арасында талкууга салалы.

“Сагындым” деген аталыштагы ырын аталган ырчы, тээ илгери эле ютуб каналына жүктөгөн. Ырдын текстинде

Бирге жүрдүк бир далай,

Ал күндөрүм жыргалай.

Кагылайын каралдым,

Кайсыл күнү жаралдың,  - деген сөздөрдү кезиктирүүгө болот. Бул ыр саптары маркум Чубак Сатаевге таандык болсо, музыкасы өзбекстандык ырчы, “Божалар” тобунун мүчөсү Жохангир Пазилжановдун “Сагындым жана” деген ырыныкы. Баарынан таң калычтуусу, ырдын музыкасын толугу менен көчүрүп алганда, сөзүнө келгенде ээрингенби эптеп бир нерселери айтып ырдап, ырды чампалатып салган.

Ошентип ырчы Элизабетта, ырдын ашмалайтын толугу менен чыгарып, уурдап алгандыгы айдан – ачык көрүнүп турат. Шляпаны кийип алып, секирип-секирип клипке тартылып койсок, эл, эч нерсени билбей калат деп ойлогон кыязы. Айтор ырчы, санга эле кошулбаса ырчынын ырынын сапаты толугу менен жок.

Тилекке каршы, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр арбыды. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549