www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оо Кудайым, бакыттын балын ууртадым деп кубанып жүрсөм уусун ууртаттың беле? 

Гүлжан Шерипбаева 10-декабрь 2017, 02:45

Илим


Оо Кудайым, бакыттын балын ууртадым деп кубанып жүрсөм уусун ууртаттың беле? 

Байкуш үмүтүм..
Үзүлбөөгө канча аракет жасады, чыйралып.
"Колу бошобой жаткандыр, жумуштары менендир, досторунун жанындадыр, балким дагы...."-деп көөп нерселерди ойлоп, өзүн өзү алаксытып келген болчу. Бүгүн шарт үзүлүп кетти. Кудум эле шурудай чачылып үзүлүп кетти.
Оройлонуп, жаныңызда бараткан мени менен коштошпой, керсейип, кабак бүркөп, өзүңүздү өтө эле керектүү адам сезип телефон менен сүйлөшүп басып кеттиңиз. Алкымыма келип калган жашты араң тыйып, ичимден эрдимди кесе тиштеп өкүнүп артыңыздан карап турдум. Ушунча кубулма болбосоңуз эмне?.
Кана баягы мен сүйгөн адам? Кана баягы мээримдүү көзүмдү караган асыл адамым??
Сиздин ийгиликке жетишпей калганыңызга мен күнөөлүү эмесмин да. Мен эле кантип сизге жамандык кааламак элем. Башым көргө киргенче ийгилик каалай турган жалгыз адам мен эмес белем...
Бороондо калганда жардамга кол сунчу мени да таштай катырып муздаттыңыз...
Ушинтпей койсоңуз болмок..
Ыйлатпай койсоңуз болмок...
Улуу түндө сизге бейпил түн каалап сагынып уктаган адам апаңыздан кийин эле мен болчумун. Мен да муздадым, өлүктөй муздап калган жүрөгүмдөн намыстын жашы тоголонуп жатты. Жаш эмес кан агып, алдастап эриндерим күлүп..
Оо Кудайым, бакыттын балын ууртадым деп кубанып жүрсөм уусун ууртаттың беле? 
Мен эч нерсени көтөрө албай калдым.
Жолуң да бош, мага эми бейтаанышсың, бейтааныш. Мен эми сени менен таанышкым келбейт. Алыс калчы, ушул түнгө сиңип кетчи. Кудум эле жаздыгыма сиңип кеткен көз жашымдай...

Баян Кулова, журналист

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549