www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сойкуларды коргогусу келген Калича Умуралиеванын максаты эмнеде?

Майрамбек Каримов 13-декабрь 2017, 15:07

Коом


Сойкуларды коргогусу келген Калича Умуралиеванын максаты эмнеде?

Калича Умуралиева деген жарандык активист Кыргызстанда сойкулардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну сунуштады. Ал ММКлардын бирине берген маегинде өз демилгесин: “Мен бул маселени көптөн бери айтып жүрөм. Менин кызым ооруканада күйүк бөлүмүндө иштейт. Бир жолу ал жумуштан шок абалда келип, “апа, элестетсеңиз бизге бир кызды алып келишти. Аны тирүүлөй эле күйгүзүшүптүр. Ал кыз сойку экен”,- деди. Аны күйгүзгөн адамдар, анын кардарлары экен. Жабыркаган кызга сутенёрдон башка эч ким келген эмес. Жабыркаган кыз сойку болгондуктан, аны күйгүзгөн адамдар жоопкерчиликке тартылган эмес”,- деп негиздеген.

Калича айымдын айтымында, сойкулар өлкөнүн бюджетине дагы жакшы эле салымын кошот экен. “Сойкулук - бул ар бир өлкөнүн көмүскөдөгү экономикасы. Бул жаатта сойкулар гана киреше таппайт. Таксисттер, ашканалар, жансакчылар дагы киреше табышат. Сойкулук-бизнесин крим чөйрө калкалап келет. Сойкулук-бизнеси, курал-жарак саткандай эле ири суммадагы киреше алып келет”,- деп маселенин экономикага пайдасын да кошумчалаган. Ошондой эле Германия сойкулукту мыйзамдаштырып койгондугун мисал келтирет. Деги чет жактан грант алып, кыргыз элинин каада-салты менен нарк-насилин жоготууну көздөгөн эженин максаты башка эмеспи?

Булак, “Майдан. kg” 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549