www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда Ислам академиясы түзүлөт

Майрамбек Каримов 16-декабрь 2017, 17:26

Коом


Өзбекстанда Ислам академиясы түзүлөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-декабрда өлкөдө Ислам академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол койду. “Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын сунушуна макул болуу менен, Ташкентте Имам Ал-Бухара атындагы Ислам академиясы түзүлсүн” - деп жазылат Мирзиёев кол койгон документте. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Академияны түзүү менен Өзбекстан жогорку жана орто диний билим берүү мекемелерде жогорку квалификациялуу кадрлардын таңсыктыгын жоюуну максат кылууда.

Мамлекеттик эмес академиянын негиздөөчүлөрү болуп Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгы болмокчу. 2018-2019-жылдар аралыгындагы алгачкы окуу жылындагы магистратурасына 16 студент кабыл алынат. Кийинки жылдардагы квоталар илимий-педогогикалык кадрларга муктаждыкка жараша аныкталат.

Ушул жайда Шавкат Мирзиёев Ташкентте Ислам цивилизациясы борборунун курулушуна багытталган токтомго кол койгон. Ал эми июль айында Самаркандда эл аралык Ислам изилдөө борборун ачуу чечимин кабыл алган. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83