www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматы бир ажыдардан кутулуп, дагы бир ажыдарга тутулду

Перизат Кутманалиева 19-декабрь 2017, 15:48

Аналитика Саясат


Бажы кызматы бир ажыдардан кутулуп, дагы бир ажыдарга тутулду

Деги эле, Кыргызстандын Бажы кызматынын багы ачылбай койду. Башынан бери эле коррупцияга кокусунан малынганы бешиктеги балага да бештен белгилүү. Акаев,Бакиев тушунда деле бул тармактын жетекчилик кызматындагылар жогорку бийликтин бийик жеринде олтургандарга "кошелок" болуп келишкен.

Атамбаевдин убагында деле андай вазийпаны аткаргандар болду. Бакиевдин тушунда Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, кеңешчи кызматтарын аркалаган. 2010-жылы Атамбаев аны төрага кылып, ревалюциянын деми, Атамбаевдин катуу талабы менен Бажы төлөмдөрү кыйла көбөйгөнү ырас. Ушундан улам аны Бажы кызматын кыйын билет деп мактап алгандар да бар.

Кыйын билгени менен башка жактарын кыйратып келди. Бажыдан кеткени, Чүйгө губернатор, Бишкекке мер, Орус-кыргыз фондусуна төрага болуп иштеди. Бул кызматтарда жүрүп эч нерсени кыйраткан жок. Элден катуу сын укту. Жек көрүндү. Андан үч ай мурун Улуттук банкка төрага болуп дайындалды эле.

Эми кайра аны экинчи ирет Бажы кызматына төрага кылып дайындашты. Эл мындай дайындоого чыны менен катуу нааразы болуп турат. Буга чейин Раиммиллион деген бир "ажыдаардан" кутулду эле, кайра Кулматов деген кууртакан экинчи "ажыдаарга" тутулду.

Мындайлар элдин шоруна бүткөндөр окшобойбу.Деги элди ойлошобу, жогорку жактагылар, же жегичтерге жем кыла беришеби?

Булак: "Багыт kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83