www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жунусовдун "Эламаны" Раиммиллионду жоктоп,зарлап...

Перизат Кутманалиева 19-декабрь 2017, 16:25

Саясат Аналитика


Жунусовдун "Эламаны" Раиммиллионду жоктоп,зарлап...

Экс президент Атамбаевдин колтугуна кирип кетип өз бактысын ошол жактан тапкан чала ырчы Ибрагим Жунусов деген элге "Эламан" деген ыры менен таанылган.

Чынында ал ырдын багын өзү эмес Динара Акулова ачканы ырас. Ырдап жүрүп саясатка секирди. Бакиевдер менен катуу ынак болуп "Ак-жолдон" депутат болуп , "Каркыраны" казактарга карматты.

Анан элдин баарын уялтып Эл артисти наамын алды. Атамбаев тушунда деңгээли жетпесе да вице,анан министр болду, акыркы үч жылдан бери Түркияда элчи болуп эс алып жүрөт. Ошол өзүн Асанкалый Керимбаев менен Рыспай Абдыкадыровго теңеген Ибрагимдин баягы Эламан деген баласы эр жетип, учурда "Манас" аэропортундагы Бажы кызматында жетекчилик кызматтардын биринде иштейт экен.

Ошол ырда айтылган Эламан деген чоңойгону жаман чыр неме болуп алган ошобойбу. Жакында эле кызматтан кеткен Раиммиллионду катуу жоктоп, өтө зарлап жатат дейт. Көрсө, Раиммиллион бул жигитти бир топ таптап, "жашыл жарык"күйгүзүп берсе керек.

Эмитен ушундай экен, эми дагы чоңойсо далайды кууратат көрүнөт. Чынында таланты болгону менен Ибрагим мырза мактаарлык таза адам эмес. Эл билип, биле элек көп былыктары бар. Анан "Алма сабагынан алыс түшчү" беле...

Булак: "Багыт кg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549