www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот…

Перизат Кутманалиева 20-декабрь 2017, 14:55

Саясат Коом Аналитика


“Жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот…

Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын бир туугандарынын түгөнбөгөн дүнүйө-мүлкү дале болсо бөлүштүрүлүп бүтө элек. Баарынан кызыгы, 2010- жылы бийликти колго алган Убактылуу өкмөт тарабынан “Бакиевдердин байлыгы улутташтырылсын” деген декларация иш жүзүндө күчүн жоготуп, “ууруну каракчы тоногондой”, азыркы бийликтегилер тарабынан итбекер менчиктештирилип же са­тып алынууда.

Өткөндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 1 га. жакын участокту “мурдагы ээсине бергиле” деген буйрук бере коём деп, Мамле­кеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кызматынан кол жууп, аз жерден камалып кете жаздады. Экс- ханзаада Максим Бакиевдин “Ала-Арча” резиденциясына жакын жерге жайгашкан 12,4 гектарга салынган 48 коттедж же мамлекеттин карамагына өтпөй, же өз баасына сатылбай келет.

Көрсө, азыркы бийликтин бул амалы коомчулуктун эсинен чыгарып, жа­кын адамдары аркылуу өздөрү алууну көздөп жүрүшкөн экен. Анткени бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын да жазган болчу. Андан соң премьер-министр чуулгандуу “Идеал хаус” шаарчасына байланышын четке кагып, мындай маалыматты укканда “шок” болгондугун бил­дирген.

Сыягы, ал бир тууган агасы менен классташы бул коттедждерди Мүлк фонду аркылуу дүңүнөн болгону 142 млн. сомго сатып алышкандыгына “шок” болсо керек. Себеби аталган коттедждердин сатылышы тууралуу эч кандай ачык маалымат берилбей, жабык-жашыруун соодалашкан. Эми “кыңыр иши” билинген соң “жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83