www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилиши” кандай кабыл алынат?

Перизат Кутманалиева 20-декабрь 2017, 16:42

Саясат Аналитика


Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилиши” кандай кабыл алынат?

Бийликтан даамы ушунчалык таттуу болобу же кечээки ордун башкалар ээлеп калгандыгына кызганып жатабы, кыскасы экс-президент А.Атамбаевдин саясатка кайра кайтып келери тууралуу билдирүүсү көпчүлүгүбүздү таң калтырууда. Анын бул ат жүрүшү алгач өзүнүн КСДП партиясын жетектөөдөн башталары белгилүү болду.

Бийлик партиясы жаңы жылдын алгачкы айынын соңунда кезектеги курултайга чогулуп, партияга төрага шайлашат экен. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер – экс-президент А.Атамбаев каралып жаткандыгын КСДП төрагасынын биринчи орун басары, учурда президенттик аппаратты башкарып жаткан Ф.Ниязов “сүйүнчүлөдү”. “КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир – ал А.Атамбаев. Башка ой жок”,- деп кесе айтты Фарид малай.

Ооба, А.Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктап жатканда “Эски саясатчыларды өзүм менен кошо ала кетем. Мен саясатка кайра кайтып келем, алар келишпейт…”,- деп бир нече ирет айткан болчу. Чындап эле ал баарын болбосо да, көпчүлүк өзүнө каршы чыккан жана чындыкты айткан оппозициялык маанайдагы саясатчыларды аренадан кетирди.

Тилекке каршы пенсияга же элчиликке эмес, көпчүлүгүн түрмөгө отургузду. Бирок эл, ошол эле КСДПнын мүчөлөрү Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилишин” кандай кабыл алат болду экен?

Булак: “Майдан.kg”


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549