www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин ыры популярдуу болуп баратат

Перизат Кутманалиева 21-декабрь 2017, 11:31

Аналитика Саясат


Атамбаевдин ыры популярдуу болуп баратат

Кезинде көп кырдуу инсан экендигин Владимир Путин деле жашырган эмес. Кантсе да Алмазбек Атамбаевдин саясаттан тышкаркы аракеттерине ичи жылыган окшобойбу. Өткөндө өзбектердин жылдызы Фарух Закиров болсо экс-ажонун “Кыргызстаным” деген ырын кыраатына келтире аткарганын угуп, кыйла таң калган жайыбыз бар.

Бул ирет болсо ошол ырды Азербайжандын композитору, ырчысы Озан Араз Элсес аткарыптыр. Ырдын коңур үн менен аткарылышы ого бетер ажаатын ачыптыр. Ал эми өзүбүздүн аткаруучулар деле автордун ырларын сахнага алып чыгышууда.

Негизи бул инсандын таланты көп кырдуу. Учурунда адабият майданында деле шугулданып жүргөн. Убактысынын тардыгына карабай, бош мүнөт табыла калса орусча, кыргызча ырларды нотага түшүрүүгө үлгүрдү. Чыгармачылык адамды эч убакта жадатпайт. Улам жаңы ыр жаралган сайын көөдөнүңдү өзгөчө сезимдер жылытат.

Бул эми Алмазбек мырзанын акыркы илхому эместир? Ал толкундарга термелген сайын жаңы чыгармалар угарманга тартууланарына күмөнүбүз жок. Анын үстүнө журтчулук жакшы жышаандан үмүт этип турган кези.

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83