www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кимдин сакасы айкүр конду?

Перизат Кутманалиева 21-декабрь 2017, 12:20

Саясат Аналитика


Кимдин сакасы айкүр конду?

Ыргыткан сакасы айкүр конгондордун ичинде азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков
турганы кадиксиз. Анын биринчи орун басары Аскарбек Шадиевдин сакасы текеникиндей
эңкей экен. Тарыхта биринчи жолу бир буту өкмөттөгү, экинчи буту парламенттеги
кызматкерди жолуктуруп жатабыз. Антсе да маянаны өкмөттүн казынасынан аларын
билдик. Дагы бир орун басар Даир Кенекеев болсо шайлоонун эпкини аркылуу келип
өпкөсүн басты. Анткени анын чырылдап айткан калыс кеби талаада калтырган жок. Баса,
аппарат жетекчи Нурханбек Момуналиевдин кайра ордуна келгени туура чечим болгонун
аны жакындан билгендер айтып калышат. Ким өз ишин камчы салдырбай аткара алса
кызматтан кетирбөө кажет.

Ал эми президенттин оң колу болуп таанылган Фарид Ниязовдун сакасы илгери
эле алчы конуп ордун таап алган. Дастан Жумабековдун да өкчөгөн чүкөсү капыстан тура
калып, жогорку эшолондун көздүү кишисине айланды. Төраганын орун басарлары да
жаңыланып, эскилерин залга айдап жиберишти. Асел Кодуранова болсо кантип
депутаттарды кепке салышты үйрөнүп калгандардан. Мирлан Бакиров деле ишин жөндөп
кетет деген жоромол бар.

Кубанычбек Кулматов деген кызматты көйнөктөй алмаштырган
азамат бар. Дайыма көздүн жоосун алган тармактардын каймагын калпып жейт. Өткөндө
башкы банктын мүдүрү болсо, жакындан бери кайра бажы тармагына биринчи адам болуп
келди. Чамасы бул жердин далай сырларын билет деген ойдо аны жогортон макулдашып
алып келишкендей. Маданияттын акесине айланган Султан Жумагуловдун дарамети
канчалык экенин аткарган ишинен билербиз.

Жылдын аягына чейин дагы өзгөрүүлөр болору кеп болууда. Алар тууралуу кезеги келгенде сөз кыларбыз.

Булак: "Ачык сөз"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549