www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байлардын баары эле берешен эмес

Перизат Кутманалиева 21-декабрь 2017, 13:32

Коом Кайрымдуулук


Байлардын баары эле берешен эмес

Эки күн мурда интернетке кире коюп бир тамакты бууй турган көрүнүшкө туш келдим. Кыскасы бир олигархтын Малика деген кызы өлүп бараткан орус аялга колун сунуп аман алып калыптыр. Капыстан тагдыры тайкы аялга жолугуп калып, абалын көрүп, көзүнүн нуру өчүп баратканына чыдай албай атасынан жардам сурайт. Кызынын ушунчалык толкунданганын баамдаган атасы Москвадагы мыкты дарыгерлерди ишке тартып шордуу аялды экинчи өмүрлүү кылууга жетишет.

Көрсө ал киши Оруссиядагы бай адамдардын бири Галямов деген экен. Ошол кишинин кызынын боорукерлиги болбосо тигил аял о-оо дүйнөгө кете бермек. Мындай оорудан үмүтүн үздүргөн окуялар биздин өлкөдө деле жок эмес. Тилекке каршы балдар интернатына барып он миң сомдук көмөк көрсөтүшсө тоодой кылып сөз кылдырган байларды жолуктуруп жүрөбүз. Ал эми алардын балдары эч убакта бирөөнүн сообуна калууга жан үрөбөйт.

Андан көрө крутой машине тепкенге, ширин тамак жегенге, шаан-шөкөткө барганга кызыктар. Байлыгына чиренген атасына андай маселе менен кайрылса акча бермек тургай мурдун көрсөтүп салат. Кызмат, бийлик үчүн олигархтар дүйнөсүн чачууга даяр. Андай көпкөн адамдарды көрө берип көзүбүзгө тирсек деле чыкпай калды го?

Бир сөз менен айтканда байлыгын байпагына каткандар эч убакта “жыланды” ийинден ак чачып чыгарууга дитин бурбайт.

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83