www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдын жарыгы кимге тийди?

Майрамбек Каримов 21-декабрь 2017, 13:56

Саясат


Айдын жарыгы кимге тийди?

Кээ бирөөлөргө тийген күн болуп көрүнгөн бир лидердин акыбалы кыйладан бери “айттагыдай” болбой турат, чиркин! Өтө эле өзүн укмуш сезип алган Өмүрбек Текебаевдин “лампичкеси” жалп эте өчүп кыйла колуна суу куйуп жүргөндөрдүн шаабайын суутту. Жоортулдарынын ичеги-карыны чубалып чыккан соң илгери Нариман Түлеев отурган түрмөнүн аягын калдыратууга шарт түзүлдү. Эми ал жердин турмушу курусун дечи? Керек болсо жыланга деле андай күндү ыраа көрбөй кетесиң. Антсе да кимдин тагдырына эмне буйруса ошону көрбөскө аргасы жок турбайбы? Болбосо Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде темир торго кирбеген Текебаевдин азыркы абалын байкаган киши башын сөзсүз чайкап алары турган иш.

А бирок, бирөө камакка түшпөсө экинчи кишиге мандат тийиши күмөн эле да? Маселен амалдуу жүрүштөрү менен коомчулукка түркүн ой жараткан Искендербек Гаипкуловдун маңдайына айдын нуру тийгени ырас. Анткени кандай кеп агытылганы менен баары бир парламенттин трибунасында антын берет. Ошентип көптөн берки тилеги аткарылганына ал абдан тагдырына ыраазы. Ал тургай ич ара мамилелеш болуп жүргөндөр чапанын, калпагын кийгизип куттуктап жиберишти. Болсун дечи, ага ичи тарлыгыбыз жок ботом. Болгону Исикебиз элдин камын ойлор бекен? Же алыста жүргөн бир кишинин арыгын чабууга аракетин кылабы? Анын төркүнү акыры билинер? Мандатын илдирип жиберген Өмүкенин деле омурткасы ооруп жатса керек? Аттиң, бирок анын кыйкырыгы ошол тегеректе эле үзүлүп жок болот. Роза апчеси калтырып кеткен документалдуу китептерди дагы канчага чейин эрмектээрин айтып болбойт. Тигил жаңы депутат болсо демилге көтөрүүгө жарайбы, кеп ошондо…

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83