www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЭКСКЛЮЗИВ - Өзбекстан - Согдиана, ырчы: “Чыгыштын мырзасына турмушка чыксаң, мүмкүнчүлүктөрүң чектелет”

Перизат Кутманалиева 22-декабрь 2017, 19:52

Маданият Маек


ЭКСКЛЮЗИВ - Өзбекстан - Согдиана, ырчы: “Чыгыштын мырзасына турмушка чыксаң, мүмкүнчүлүктөрүң чектелет”

Ал тууралуу көп убакыттан бери угуп жүрөбүз. Анын ырларын угабыз, клиптерин көрөбүз. Арадан көп жыл өттү... Ооба, ал убакыттар аралыгында ал эки жолдошу менен тең ажырашып, бүгүнкү күндө эки уулун тарбиялап, жалгыз бой күн кечирүүдө.

- Согдиана, сахнага кайтып келишиңиз менен!Бул убакыттар аралыгында эмне менен алек болдуңуз?

- Рахмат! Бардык убакытымды балдарыма арнадым.

- Үй кожейкеси болдуңузбу?

- Ооба, бул нерседен мен тажаган жокмун, мен ырахат гана алдым. Менин жашоомдогу өзгөрүүлөрдөн улам баары бир калыпта кызыксыз өтүп жаткан. Улуу балам жети, кичүүсү төрт жашта. Балдар ар дайым кам көрүп турууну талап кылат экен. Мына ошондуктан, сахнадан бир аз алыстап өзүмдү балдарыма арнадым.

- Ташкентке эмнеге көчүп кеттиңиз?

- Ушундай өзгөрүүлөр болуп кетти. Мындан төрт жыл мурун, 2011-жылы мен экинчи жолдошум менен ажырашып кеткем. Ажырашуудан соң мени Москвада кармаган жумушумдан башка эч нерсе жок болчу. Балдарыма мен керек экенимди түшүнүп, аларга жакын болуу үчүн Ташкентке көчүп келдим.

- Эки жолдошуңуз менен тең ажырашып кетүүңүзгө эмне түрткү болбу?

- Эгер чыгыштын мырзасына турмушка чыксаң, мүмкүнчүлүктөрүң чектелет. Шоу-бизнестеги ар бир ырчы бири-бирин көргөндө сөзсүз бетинен өөп учурашышат. Мында интимдик эч нерсе жок. Жолдошторум мага эки күзөтчүнү жаныма жалдап коюшуп, каякта эмне кылып жүргөнүмдү кимге жолукканымды, ким менен учурашканымды баарын күзөтчүлөр жеткирип турушаар эле. Тааныштарыма “Мага жолукканда мени өппөгүлөчү” деп түшүндүрө алчу эмесмин. Андан соң үйдө жагымсыз нерселер болуп тураарын айткым да келбейт. Кесиптештерим бул нерсени түшүнө алышкан жок. Эки жолдошум менен тең ажырашуума көп нерселер себеп болгондуктан, бул чечимди кабыл алгам.

- Сахнага кайтып келдиңиз, шоу-бизнесте ийгилик жаратуу үчүн финансы керек эмеспи. Бул жагынан кырдаал кандай?

- Азыр өзүмдү-өзүм каржылоодомун. Биринчи жолдошум мага жардам бергиси келет, бирок мен аны каалабайм. Эгер ал мага акча берсе, аягында “Мен баарына төлөп берем сен эч нерсе кылба” деп айтат. Мен буга каршымын. Өзүмдү өстүрүп, максаттарыма жетким келет. Диванда эч нерсе кылбай олтурганда убакыт байкалбай өтө берет.

- Продюсерсиз жалгыз иш алып бара аласызбы?

- Эмнеге жалгыз? Менин командам бар. Мени колдогон көп жакшы адамдар бар ТВ жана радиодо. Виктор Дробышка өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет.

- Концерттерден акча табасызбы?

- Ооба, бул нерсени мен азыр санай баштадым. Эң башкысы бул нерсе мага чоң ырахат тартуулайт.

- Балдарыңызга аталары алимент төлөшөбү?

- Ата менен баланын сүйүүсү алимент менен чектелбейт. Суроо берип калдыңыз эми жооп берүүм керек: Алимент жагынан маселе жок.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83