www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Сапар Исаков кимдин лицензиясын алганы турат?

Жазгүл Урманбетова 25-декабрь 2017, 18:44

Ден-соолук Саясат


Премьер-министр Сапар Исаков кимдин лицензиясын алганы турат?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында медициналык кадрларды даярдоонун абалы жана аларды саламаттык сактоо мекемелерине бекитүү маселесин кароо учурунда, эгерде ЖОЖдогу медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясы алынарын билдирди.Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, Саламаттык сактоо министрлиги ЖОЖ жетекчилиги менен биргеликте аймак муктаждыктарын камсыздоо үчүн кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуусу зарыл.

Жыйында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, учурда республиканын калкына медициналык-профилактикалык көмөктү 13 миң 517 дарыгер жана 34 миң 90 орто медициналык билими бар адистер көрсөтөт. Өткөн жылдарга салыштырмалуу дарыгерлердин жалпы саны акыркы 10 жылда 9,8% жогорулаган, ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4%га жогорулаган.

Ошол эле учурда анын айтымында, үй-бүлө

Ал мамлекет эсебинен окутуу тутумун жана аны бүтүрүүчүлөрү милдеттүү түрдө аймактарда иштеп берүүсүн жайгаруу зарылдыгын белгиледи.

Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Кыргызстанда 9 медициналык факультет иштейт, бирок анын баарысы клиникалык базага ээ эмес.

Сапар Исаковдун айтымында, келечектеги дарыгерлер тажрыйбалык негизге ээ болуусу үчүн ар-бир факультет клиникалык базага ээ болуусу тийиш.

«Бардык эле медициналык факультеттер клиникалык базага ээ эмес. Белгилесек, аталган факультеттердин жетиштүү каражаты бар. Мени кызыктырганы, клиникалык базага ээ болбой туруп, алар кандайча билим берүүдө? Алар кандайча иш алып барып, кандайча лицензия алууда? Биз бул маселени иликтеп чыгуубуз керек. Эгерде ЖОЖдогу медициналык факультеттердин клиникалык базасы болбосо, алардын лицензиясы алынат», – деди ал.

Ошондой эле жыйында санитардык авиация үчүн тикучак алуу маселеси көтөрүлдү.

Өкмөт башчы бул маселе боюнча ыкчам түрдө сунуш киргизүүнү тапшырды. Сапар Исаков тоолуу жерлердин шартында санитардык авиациянын болуусу зарылдыгын белгиледи. Талкуу соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык айтылган маселелерди ишке ашыруу боюнча тыкыр иш-чаралар планын ыкчам тартипте иштеп чыгуу тапшырылды.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83