www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо тармагы үчүн тоок жылы жемиштүү жыл болду

Перизат Кутманалиева 27-декабрь 2017, 16:05

Куттуктоолор


Саламаттыкты сактоо тармагы үчүн тоок жылы жемиштүү жыл болду

 

Тоок жылы саламаттык сактоо тармагы үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эне жана баланын өлүмү азайды, жаны  ооруканалар жана ФАПтар салынып ишке бериле баштады. Бишкекте Борбор  Азия чөлкөмүндө жок көп тармактуу оорукана бүтөйүн деп калды. Медициналык борбор кыргыз-түрк өлкөлөрүнүн достук алакасынын алкагында Түркия бөлгөн гранттын эсебинен курулууда. Мындан бөлөк дагы салынып  жаткан жаңы ооруканалар да аз эмес, алардын бири Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы 150 жатак орундуу оорукана комплексинин курулушу. Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен курулуп жаткан оорукананын курулуш иштери 2018-жылдын май айында аяктайт. Немис өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жаны Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул төрөткананын капсуласы 27-сентябрда салынган. Азыр кыш түшсө дагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Борбор 2019-жылы майда курулуп бүтүп, ошол эле жылы күз айларында ишке берилет. Төрөткана эл аралык талапка ылайыкталып курулууда, бул оорукана заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Дагы бир учур: онкологиялык оорукананын корпустары капиталдык оңдолду. Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы курула турган балдар бөлүмүнүн капсуласы салынды. Саламаттык сактоо министрлиги дагы “Таза коом” долбоорунда каралган жаңы системага өтө баштады. Учурда 2 программа иштелип чыккан: “Электрондук саламаттык сактоо” борборун киргизүү жана дары-дармек сатуу бирдиктүү базасын түзүү боюнча. Электрондук карталар четинен киргизиле баштады, анын жардамы аркылуу баары ачык-айын болот. Дарыгер менен дарыкана ортосундагы шылуундук тыйылат, бейтап ашыкча чыгымга кириптер болбой сапаттуу тейлөөгө алынат. Бул көрсөткүчтүн баары адамдын дени сак болушуна багытталган.

Келе жаткан 2018-жыл  саламаттык сактоо тармагына жакшы өзгөрүүлөрдү алып келет деп ишенебиз. Кыргызстандын ар бир жаранына үй бүлөлүк бакыт, жана эң негизгиси ден соолук каалап кетет элем.

Жаңы жылыныздар менен ! Сиздерди терең урматтоо менен  Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83