www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда депутаттар мектепке 400 миң сомдук жардам көрсөтүштү

Перизат Кутманалиева 28-декабрь 2017, 15:11

Коом Кайрымдуулук


Жалал-Абадда депутаттар мектепке 400 миң сомдук жардам көрсөтүштү

Жаңы жыл алдынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары эки мектептке
жалпы наркы 400 миң сом турган 20 компьютерди белек катары тапшырышты.
Депутаттар муну менен эле чектелип калышпай мындай колдоо көрсөтүү
акцияларын уланта берерлигин айтышат.

Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдин айтымында, депутаттардын
демилгеси менен шаардагы №9 жана №16 мектептердин арбирине 10дон
компьютер берилип, бул мектеп окуучуларынын компьютердик сабаттуулугун
арттырууга болгон камкордук болуп саналат.

-Биз муну мене гана чектелбейбиз. Жаштар биздин келечегибиз болгондуктан,
аларга жакшы шарт түзүп берүүбүз абзел. Азыр мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче
жардам берип турсак, көбүрөөк акча каражатын талап кылган иштерди келерки
жылдын бюджетине киргизебиз. Андан сырткары, шайлоо убагында депутаттар
элге берген бир катар убадаларын аткаруу максатында эл менен жолугуп
жатышат. Алардын көпчүлүк суроо талаптарын жеринде чечип жатабыз, - дейт ал.
Эламан Арапбаев атындагы №16 орто мектептин информатика сабагынын
мугалими Чынара Парманованын айтымында, мектептеги компютерлердин
эскилиги жетип жараксыз болуп калган. Ошондуктан, жаңы компьютерлердин
келиши жалпы мектеп үчүн кубанычтуу көрүнүш.

-Эски компьютерлер жаңы чыгып жаткан программаларды көтөрө албай,
окуучуларга жетиштүү деңгээлде үйрөтө албай жатканбыз. Балдардын сабакка
болгон кызыгуусу да солгундап калган болчу. Эми эл өкүлдөрүнун бизге көрсөткөн
колдоосу менен компютердик билимди жогорулатып, олимпиадаларга да катыша
алабыз – дейт ал.

Ал эми балдардын келечеги үчүн кам көрүп жаткан эл өкүлдөрүнө ата-энелер да
өз ыраазычылыктарын билдирип жатышат.

-Биз демөөрчүлүк кылып жаткан депутатыбыз Улан Ашымовго алкыш айтабыз.
Алдыдагы күндөрү депутаттар дагы бир канча бала-бакча, мектептерге,
социалдык объекттерге жардам көрсөтүүнү пландап жатышат, - дейт М. Тагаев.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549