www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынбек Сулайманов камактагы коллегалары Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаевге адилеттүү сөзүн айта албады

Перизат Кутманалиева 11-январь 2018, 17:30

Саясат


Алтынбек Сулайманов камактагы коллегалары Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаевге адилеттүү сөзүн айта албады

Кечээги «Акжолдун» депу­таты Алтынбек Сулайманов бүгүнкү күндө Атамбаевдин чоң кошоматчысы катары бааланууда. Негизи, Алтыке табиятынан түзүк жигит болчу, бирок аны мансап, байлык бузуп, коомчулукка адилеттүү сөзүн айта албай, «өз арабамды кылдыратайын» дегендей ыкташып кетти. Башкасын айтпасак да, камактагы коллегалары Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаевге адилеттүү сөзүн айта албаганы – анын ким экенин тастыктады!

Учурда Сулайманов «көзүм көрбөсө болду, көчүгүмдү бөрү жесин» деген позицияга өтүп, бийликчил депутат катары коомчулукка көрүнүүдө. Убагында Алтынбек мырза Бакиевдин режиминин астында байып, ага чейин темирдин баарын сатып, таасири өскөн, эми Атамбаевдин доорунда бийликке кол куушуруп, кызмат кылып жүрөт.

Эй, бүгүнкү күңдөгү саясый окуялар эртең тарых болуп жазылат. Ошондо Сулаймановго «Атамбаевдин кошоматчысы» деген жарлык тагылат.

Эл күбө, мына, туура эмес болсо айткыла?..

Булак: Азия Ньюс 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83