www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индира Жолдубаева кытайлар менен кызматташкандан сообу?

Перизат Кутманалиева 16-январь 2018, 12:36

Саясат Коом Аналитика


Индира Жолдубаева кытайлар менен кызматташкандан сообу?

Миңге жакын Кытай жаранына Кыргызстанда иштөөгө мыйзамсыз уруксат берилген. Ар бир уруксат кагазынын баасы 5 миң доллар турганы Жогорку Кеңештеги кор­рупция боюнча жыйында белгилүү болду.

Анда депутат Кенжебек Бокоев: «2016-жылы кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголду эле. Анда Кыргызстандагы 996 Кытай жаранына өлкөдө жүрүүгө уруксат берген мыйзамсыз документтер аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ар бир чет элдик жаран мына ошондой документ алуу үчүн 5 миң долларга чейин па­ра беришет экен.

Ошондо бул Кы­тай жарандарынын иши боюнча эле 5 миллион долларга чукул коррупциялык акча айланганын байкоого болот.

Бул кылмыш иши эки жылга чукулдап калса дагы бир жыйынтыгы чыкпай, тынчып эле кетти. Мына ошол иш эмне болгон?»- деген суроону Башкы прокуратуранын өкүлүнө узатты эле, ал убагында кылмыш иши козголгонун, кийин Башкы прокуратурадан тергөөнү алып койгондон кийин жыйынтыгы эмне болгондугун билбестигин айтып ийнин куушурду.

Шылтоосу даяр. Тергөөнү башкага өткөрүп бергенден кийин, ал иш эмне болгонун сурап, тактап көзөмөл кылганга укугу бар да прокуратуранын, эмнеге оозуң кайсы десе мурдун көрсөтүшүп өлүмүш болушат?

Башкы про­курор Индира Жолдубаева кытайлар менен кызматташкандан сообу?

Булак: "Фабула"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549