www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад: Сасык тумоо аз болду,кырдаал туруктуу

Перизат Кутманалиева 16-январь 2018, 13:34

Коом Ден-соолук


Жалал-Абад: Сасык тумоо аз болду,кырдаал туруктуу

Өткөн 2017-жылы кыш узакка созулганына байланыштуу өткүр вирустук- респиратордук инфекцияга (ОРВИ) чалдыккандар көп болгон. Тактап айтканда, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу ОРВИ менен ооругандар 3440 учурга же 43,2 пайызга көп катталган.

Мисалы, 2016-жылы буга чалдыгып калгандар саны 4120 болсо, өткөн жылы ал 7956га жеткен. Ал эми быйыл шаарыбызда ОРВИ менен сасык тумоо ооруларына чалдыгып калуу кырдаалы өткөн жылдагыдан айырмаланбай, абал туруктуу сакталууда. Бул тууралуу шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.
Ал эми сасык тумоо 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 13,3 пайызга аз катталган же ооруп калуунун 66 учурунан 50 учурга чейин азайган.

Ал эми быйыл тумоолоп калуулардын алдын алуу максатында сасык тумоого каршы эки түрдүү вакцина бизге келип түшкөн. Мурда 4 миңдей гана доза келип жүрсө, эми келгени 30 миң доза, ар бир вакцина 15 миң дозадан.

Бул 1 миллион 200 миң киши жашаган област үчүн бул өтө аз. Ошондуктан аны медициналык кызматкерлер, кош бойлуулар, анан да каттоодо турган тобокел тайпасындагылар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка аярлуу топтор үчүн гана колдонушту.

Өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында шаар боюнча 4600 киши эмдөөлөрүн алышкан. Учурда медициналык тийиштүү мекемелер ишканаларда жана үйлөрдө температура режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83