www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чалчыкта калган Төрөбаев

Перизат Кутманалиева 16-январь 2018, 13:59

Саясат Коом Аналитика


Чалчыкта калган Төрөбаев

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодон кийин катуу сынды. Азыркыга дейре өзүнө келе албай жүрөт.

Ишенген «президенти» Өмүрбек Бабанов кара башын калкалап, саясаттан кеткенин айтып, куйрук түйүп чыга берди. Чалчыкта Төрөбаев калды. Учурда ишен­ген адамдарынан кол жууп, асман чапчыган амбициясы быркыранып, алапайын таппай турат.

Кийинки парламенттик шайлоодо «Өнүгүү- Прогресс» партиясы Жогорку Кеңештин босогосун аттабай турганы анык болгондон кийин, тегерегиндеги акчалуу, дымактуу, таасирдүү адамдары сыртын салып кетишти. Ошентип келечекте көптү үмүттөндүргөн Төрөбаев «саясий өлүккө» айланып, эрте эле «критке» кетти.

Жакында социалдык тармакта «Төрөбаев кандай саясатчы» деген өндүү сурамжылоо жүрдү. Сыягы өзүнүн кадырын сынатып көрүү максатында өзү уюштурду окшойт.

Бирок дээрлик баары «саткын, кошоматчы» катары «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап» болушунча боктошту.

Демек кадыры кайтыш болуптур баланын…

Булак: "Фабула"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83