www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бойго бүтүрүү үчүн ыңгайлуу позалар

Перизат Кутманалиева 17-январь 2018, 12:37

Ден-соолук


Бойго бүтүрүү үчүн ыңгайлуу позалар

Балдар – өмүр гүлү деп санап, аларды өстүрүүгө убакыт келип жетти деп санайсызбы? Анда бул процессти тездетүү тууралуу кененирээк айтып бермекчибиз.

Бойдо болтуруу үчүн эркек менен болуудан сырткары, ага кошумча бир нече факторлор бар экенин эске алууңуз зарыл. Эгерде көптөн бери тесттеги 2 сызыкты күтүп жүргөн болсоңуз, төмөнкүлөрдү эске алууңуз зарыл. Бул жерде эч кандай татаал нерсе жок: болгону жолдошуңуз менен качан, кайда, кандай позада кошулуп жатканыңызга көңүл бурууңуз керек.

Бойго бүтүү төшөк кумарына канча жолу жана кандай позада  батканыңыздан көз каранды. Албетте эң жөнөкөй позаларда деле аялдардын боюна бүтүүсү толук ыктымал, бирок бул процессти тездетүү үчүн жубайлар бири-бирине жардам беришсе болот. Бүгүн балалуу болуу үчүн кандай позаларда кошулуу керектиги тууралуу кеп кылабыз.

 Кайсы убакта жана канча жолу?

Балалуу болууну пландап жаткандар дайыма төшөк кумарына батып туруулары керек. Эң жакшы убакыт болуп овуляцияга (уруктанууга даяр, жетилген жумуртка клеткаларынын иштелип чыгуу процесси) 5 күн калганда жана овулияциядан соң бир күндөн кийинки убакыт саналат. Айымдар бойго бүтүүгө ыңгайлуу болгон күндөрдү белгилеп, календарь түзүүсү кажет. Ошондой эле эркектердин уругу активдүү болгон убакта төшөк кумарына батуу керек, бул убакыт күндүзгү саат 5ке туш келет.

Негизги шарт – өзүңөргө эмне жакса ошону кылгыла. Эгерде бойго бүтүрүү үчүн ыңгайлуу болгон поза силерге ырахат тартуулабаса, анда ал позаны колдонуунун кереги жок. Эсиңизде болсун, сиз нерв болуп, стресске кабылбашыңыз керек. Себеби стресс – бул бойго бүтүүнүн башкы душманы. Стресстин айынан айымдарда сексуалдык каалоо жоголот да, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү азаят. Сексти бойго бүтүрүүчү курал катары карап, шашуунун кажети жок. Ошондой эле кынды нымдаштыруучу атайын каражаттарды колдонбош керек, аларда уруктарды жок кылуучу жана аларды алсыздандыруучу заттар көп болот. 

Бойго бүтүрүү үчүн ыңгайлуу болгон позалар

Бойго бүтүрүү үчүн ыңгайлуу болгон позалар физика закондору боюнча негизделген. Бойго бүтүрүү үчүн позаларды тандап жатып, уруктар агып чыгып кетүүчү позадан баш тартуу зарыл. Сиз уруктардын кын ичинде көпкө кармалышына мүмкүнчүлүк берүүңүз керек. Ал эми аял үстүндө болгон позаларда уруктар кындан агып чыгып, “өз ишин” аткарбай калышат.

Кайсы позаларга басым жасоо керек? Негизи урук чыгып жатканда маткага жакын боло турган баардык позаларды колдонсо болот, бирок урук чыгаардын алдында эркектин жыныс мүчөсү менен матка эң жакын боло турган позаны тандасаңыз балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Бойго бүтүрүү үчүн эң ыңгайлуу позалар – аял астында болуусу. Дагы бири – эркек артында болуп, аял бул убакта капталынан жатуусу же тизелеп туруусу керек.

Ошондой эле өзүнүн физиологиялык өзгөчөлүгүн билген айымдарда да бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Мисалы, маткасы кыйшык болгондорго айымы тизелеп туруп, чыканак менен жерди таянуу позасы, ал эми маткасы жогорураак жайгашкандарга аял астында чалкасынан жатып, эркек үстүндө болгон поза сунушталат.

Ошондой эле эл оозунда эркек үстүндө болгон позада болсо түгөйлөр кыздуу, ал эми айымы тизелеп туруп, чыканак менен жерди таянуу позасында уулдуу болот деген кептер да айтылып жүрөт.

 Секстен соң эмне кылуу керек?

Эс алыңыз, күйөөңүз менен кучакташып жатыңыз. Себеби бул маал эркелешүү жана романтикалуу сүйлөшүү үчүн эң ыңгайлуу убак. Дароо ваннага чуркабастан, сүйүктүүңүз менен жарым саат эс алыңыз. Көпчүлүк айымдар секстен соң сперматозоиддерди тиешелүү жакка “кетириш” үчүн “кайың” позасында болууга шашышат. Бирок бул секстен кийин жасалганы туура эмес. Себеби секс кантсе да физикалык жактан алсыратат, ошондуктан көпчүлүк башына туруп, бутун потолокко карай көтөрүүнү каалабайт. Ошондой эле баардык айымдар акробат болбогондуктан белдерин оорутуп алышы да ыктымал. Эгерде уруктарга “жардам” бергиңиз келсе, жамбашыңыздын алдына жаздык коюп алсаңыз жетишүү болот.

Дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүнө карап колдонуучу позалар

-Эгерде айымдын жумурткаларына суук тийген болсо, матка оң же сол капталга бурулуп калышы ыктымал, балалуу болуу үчүн секстен соң айым маткасы кайсы жакка кыйшайган болсо, ошол капталынан жатуусу керек.

-Эгерде матка кадимкисиндегидей жайгашкан болсо, анда жамбашыңыздын алдына жаздык жаздап, тизеңизди төшүңүзгө кысып, бутуңузду көтөрсөңүз болот.

 Балалуу болууну пландап жатканда эмнелерди кылбоо керек

Ваннада, бассейнде жана ысык мончодо кумарга батпоо керек.

Акыркы сөз катары айтарым, албетте, балалуу болгуңуз келип, ал үчүн баардык аракеттерди кылып жатасыз. Бирок ушул маселеге эле көңүл буруп жата бергениңиз туура эмес, себеби сиз жумуш планын аткарбай элесиз да, сиз сүйүү кумарына батып жатасыз. Балалуу болуу үчүн кандай поза тандасаңыз да секс учурунда кумардын туу чокусуна жетиңиз. Мамилеңер канчалык назик, жумшак, ысык болсо, балаңызга да ошончо жакшы болот.

Булак: "kundemi.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83