www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков эмнеге жолугушту

Перизат Кутманалиева 18-январь 2018, 09:13

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков эмнеге жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушту.

Жолугушууда Президент кол койгон “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө”  Жарлыгынын алкагында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги   милдеттери жана максаттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Премьер-министри болгон кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи. «Бул Жарлыктын максаты ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Мен аймактарды көп кыдыргам, областтын жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бюджеттик жана инвестициялык каражаттар бир калыпта, ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керектигин белгиледи. “Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары белгилүү бир план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат”, - деп Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюуга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул багытта мыйзам базасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Президент Сооронбай Жээнбеков парламент менен өкмөткө өлкөнү өнүктүрүү жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн Жарлыктын алкагында бийликтин бардык бутактарынын алдында турган тапшырмаларды аткарууда эриш-аркак иштөөнү сунуштады деп билдирет Президенттин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83